• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
458 Категория: Культура - Published: 17/08 - 17:42

Гомбеде-Кавус мунарасы - Ирандын Голестан провинциясынын Гомбеде-Кавус шаарынын борбордук бөлүгүндө орун алган.

Ал 1006-жылы Зияриддер династиясынын башкаруучусу Шамс ал-Маали Кабустун күмбөзү катары курулган. Бул тууралуу Ирандын маалымат булактары жазды. Мунаранын бийиктиги 55 метр жана ал бийиктиги 10 метрден ашкан жасалма платформанын үстүндө турат. Мунаранын жалпы бийиктиги 72 метр. Бышкан кыш менен курулган Гомбеде-Кавус дүйнөдөгү кыштан салынган эң бийик мунара болуп эсептелинет. Курулуштун ичи көңдөй жана дубалдарынын жоондугу 3 метрден бир аз ашат.

Мунаранын формасы он бурчтуу болуп, чатыры учтугуй болуп салынган. Анын асты жагынын диамери  17 метр болсо, үстү жагынын диаметри 15,5 метр болуп өйдө карай ичкерип кетет. Мунаранын ичине бир гана чыгыш тараптан кирүүгө болот. Анын ылдый жагында араб тилиндеги жазуулар бар, анда бул курулуш Зияриддердин башкаруучусуна таандык деп жазылып турат.

Бул тарыхый эстелик 2012-жылы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине катталган.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
87.58
0.00
EUR
94.27
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.06
0.00
TJS
8.03
+0.01
TMT
25.03
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+28°C Тегеран
+12°C Москва
+19°C Астана
+26°C Бишкек
+24°C Алматы
+30°C Дүйшөмбү
+32°C Ашхабад
+30°C Ташкент

Соцсети