• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
99 Категория: Культура - Published: 15/11 - 12:04

БИШКЕК, 15-ноябрь. — Eurasia Today. Түркиянын Стамбул шаарында түрк дүйнөсүнүн “Коркут Ата” эл аралык кинофестивалынын жабылыш аземи болуп өттү.

Ага кыргыз делегациясынын курамында Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев, Т. Океев атындагы Улуттук киностудиянын директору Акжол Бекболотов, эл артисттери жана башка атактуу улуттук кино ишмерлери катышты.

Кинофестивалдын алкагында Кыргызстандан катышып жаткан бир катар кино тармагынын өкүлдөрү, тактап айтканда режиссёр Артыкпай Сүйүндүков - “Мыкты режиссёр” наамы менен, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык мурасын сактагандыгы үчүн ардак сыйлык анын балдары Ширин жана Эльдар Айтматовдор жана “Түрк дүйнөсүнүн маданиятына жана өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн” - Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясы сыйланды.

Ошондой эле, түрк тилдүү мамлекеттердин маданият министрлеринин катышуусунда кино өндүрүш тармагындагы кызматташуу боюнча декларацияга кол коюлду.

Декларацияга ылайык, “Коркут Ата” эл аралык кинофестивалын жыл сайын өткөрүү пландалып, макулдашууга ылайык, фестиваль 2022-жылы Түркиянын Бурса шаарында, 2023-жылы Азербайжан мамлекетинде өтүп, андан ары түрк тилдүү мамлекеттерине берилет.

Белгилей кетсек, Коркут Ата эл аралык кинофестивалына Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркия, Түркмөнстан, Венгрия, Украина жана башка өлкөлөрдөн 42 тасма катышты.

Фестивалдын алкагында панельдер, талкуулар, “Айтматов жана кино” тегерек столу, ошондой эле кыргыз киносунун 80 жылдыгына арналган иш-чара өттү.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.79
0.00
EUR
96.00
-0.12
KZT
0.20
+0.21
RUB
1.10
-0.88
TJS
7.50
-0.02
TMT
24.22
-0.02
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

Соцсети