ТМККкатчылыгынынжаңыштаб-квартирасыныначылышындаагамүчөмамлекеттердинжелектерикөтөрүлдү
- Подробности
- Просмотров: 132
БИШКЕК, 12-ноябрь. — Eurasia Today. Бүгүн, 12-ноябрда Президент Садыр Жапаров Түркиянын Стамбул шаарында Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын мүчө мамлекеттер кеңешинин катчылыгынын жаңы штаб-квартирасынын ачылышында уюмдун курамындагы өлкөлөрдүн туу көтөрүү аземине катышты.
Салтанаттуу иш-чара Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган, Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев, Венгрия Премьер-министри Виктор Орбан жана ТМКК Башкы катчысы Багдад Амреевдин катышуусунда өттү.
Мамлекет башчылары бир учурда өздөрүнүн улуттук желектерин көтөрүп, андан кийин ТМКК Катчылыгынын штаб-квартирасынын жаңы имаратынын алдында лента кесишти.
ТКМКнын лидерлери биргелешип сүрөткө түшкөн соң, бейформал жагдайда баарлашуу үчүн аталган катчылктын жаңы штаб-квартирасынын имаратына киришти.
Белгилей кетсек, кечээ, 11-ноябрда президент Садыр Жапаров Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын катышуучу-өлкө башчыларынын «Жашыл технологиялар жана санариптик доордогу акылдуу шаарлар» темасындагы сегизинчи саммитине катышуу үчүн Түркияга кеткен.
Валюта курсу
Аба ырайы