130 Категория: Культура - Published: 10/11 - 09:48

БИШКЕК, 10-ноябрь. — Eurasia Today. Популярдуу “Кальмар оюну” корей сериалынын экинчи сезону тартылары белгилүү болду.

Бул тууралуу фильмдин режиссёру Хван Дон Хек «Associated Press» агенттигине берген маегинде айтканын маалымат каражаттары жазышты.

Режиссёр сериалдын экинчи сезонун көрүүнү каалап жаткандар, күткөндөр көп экенин, бирок ошол эле учурда жаман көргөндөр да болгонун айтып, “Экинчи сезонун тартпай коё албайбыз. Азыр мен пландап жатам”, - деди.

Ошондой эле ал сериалдын экинчи бөлүгүндө башкы каарман Сон Ки Хун болорун тастыктады. Бирок, сериалдын уландысы кандай болорун айткан жок.

Акыркы күндөрү 17-сентябрда чыгып, эки аптанын ичинде Netflix платформасында эң көп көргөн сериалдардын топ башына чыккан түштүк кореялык “Кальмар оюуну” сериалы тууралуу ар кандай маалыматтар чыгууда.

Көптөгөн өлкөлөр аталган фильм өспүрүмдөргө терс таасирин тийгизип жатканын жана өтө кооптуу экенин белгилешүүдө.

Жакында эле Улуу Британияда сериялдын негизинде Tик-Токтогу челлендждин рецепттери боюнча өз алдынча таттууларды жасоого аракет кылып, денесинен күйүк алып, балдар ооруканаларга түшө башташканы маалымдалган.
 
Ага чейин, Панамада популярдуу сериал стилиндеги кечеде беш адам каза болгону белгилүү болгон.

Теги: