638 Категория: Культура - Published: 06/11 - 11:39

БИШКЕК, 6-ноябрь. — Eurasia Today. Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата жана Жамбыл Жабаевдин 175 жылдыгына арналган эл аралык айтышта кыргызстандык төкмө акын Асылбек Маратов баш байгеге ээ болду.

Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Эл аралык айтыш кош байге менен өттү. Аны Казакстан Республикасынын Маданият жана спорт министрлиги жана Алматы облусунун акимчилиги уюштурган.

Баш байге — Асылбек Маратов-Жандарбек Булгаков.
1-орун — Азамат Болгонбаев-Айшолпан Тилеүтай кызы.
2-орун — Кубат Тукешов-Мурадым Мирланов.
3-орун — Амантай Кутманалиев-Жалгас Максүтов.
Кызыктыруучу сыйлыктарды Баян Акматов жана Сырым Ауезхандар алышты.

Теги: