190 Категория: Культура - Published: 30/10 - 09:55

БИШКЕК, 30-октябрь. — Eurasia Today. Белгилүү прозаик, публицист, драматург, журналист, театр жана кино режиссеру, адабият таануучу, котормочу Мар Байжиев 86 жашында көз жумду.

Бул тууралуу жазуучунун небереси өзүнүн Twitter баракчасына жазды.

Мар Байжиев 1935-жылы Жалал-Абад шаарында туулуп, балалыгы Ысык-Көл облусунда жана Фрунзе шаарында өткөн. Ал КМУнун филология факультетинин орус тили жана адабият бөлүмүн, андан кийин Москвада Жогорку сценариялык курста окуган. «Кыргызфильм» студиясында кабарчы, сценария бөлүмүндө редактор, маданият министрлигинде башкы редактор, «Литературная газета» гезитине Кыргызстан боюнча кабарчы, В.И.Ленин атындагы балдар фондусунун Кыргыз бөлүмүндө төрага болуп эмгектенген.

Андан сырткары, "Манас" эпосу жөнүндө тасмага, "Алтын күз", "Ак илбирстин тукуму", "Бирөөнүн бактысы", Нокдаун" өңдүү сегиз фильмдин сценарийин жазган.

1961-жылы анын «Каракурт» деген сатиралык ангемелерден турган жыйнагы жарык көргөн. Кийин ал биротоло драматургия жанрына өткөн. «Эрге жеткендер», «Дуэль», «Биз - эркектер», «Ар бир үйдө майрам», «Күйөө жана колукту», «Байыркы жомок», «Алтынчы күнү кечинде», «Акыркы рейс» пьесалары жазылып, алар СССРдин жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө коюлган.

Ал кинодраматургияда да жемиштүү иштеп келген. Ошондой эле, кыргыз жазуучуларынын чыгармаларын орус тилине которгон.

Теги: