• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
131 Категория: Культура - Published: 15/08 - 10:18

Азыркы учурда алардын документтерин кабыл алуу башталды.

Быйыл Кыргызстан Этникалык кыргыздарды ЖОЖдордо акысыз билим алууга чакырып, бюджеттик орундарга сынак жарыялады. КР Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков, алар үчүн документтерди кабыл алуу жараяны башталганын өзүнүн социалдык баракчасына жазды.

Сынакка Тажикстан, Өзбекстан, Түркия, Казакстан жана Кытай Эл Республикасынын жарандары болгон этникалык кыргыздар катыша алышат.

Талапкерлер тиешелүү документтерди толтуруп, министрликке тапшырышы зарыл. Документтер күн сайын саат 14:00дөн баштап 17:30га чейин кагаз түрүндө тапшырылат. Ошондой эле, электрондук түрдө да кабыл алышат.

Кыргызстандын аймагында турган, жарандыгы чет өлкөлүк этникалык кыргыздардын документтерин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2020-жылдын 10-сентябрына чейин кабыл алат.

Тажикистан, Өзбекстан, Түркия жана Кытай Эл Республикасынын аймагында турган этникалык кыргыздардын документтерин кабыл алуу иштерин аталган өлкөлөрдө жайгашкан Кыргызстандын Элчиликтери жүргүзөт.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
-4.04
USD
79.87
0.00
EUR
84.48
0.00
KZT
0.19
0.00
RUB
1.30
0.00
TJS
6.42
-3.47
TMT
22.82
-3.81
UZS
0.01
-2.70

Аба ырайы

 

+24°C Тегеран
+7°C Москва
+13°C Нур-Султан
+14°C Бишкек
+14°C Алматы
+16°C Дүйшөмбү
+26°C Ашхабад
+16°C Ташкент

Соцсети