• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
333 Категория: Культура - Published: 23/10 - 10:15

БИШКЕК, 23-октябрь. — Eurasia Today. Улуу Британияда кыргыз акыны, коомдук ишмер Бүбайша Арстанбекованын «Курманжан Датка» поэмасы басылып чыкты.

Бул тууралуу китептин автору өзү маалымдаганын жергиликтүү басылмалар жазышты.

Китеп Улуу Британиянын Hertfordshire Press басмаканасында «Queen Kurmanjan of the Mountains» («Тоо ханышасы Курманжан») деген ат менен жарыкка чыккан. Англис тилине Кыргызстан эл аралык университетинин профессору Зина Караева которгон.

Автор Курманжан Датканын өмүр жолу, инсандык бейнесин улуттук нарк-насилдин чегинде мотивациялык өңүттө ачып берип, идеясы кыргыз кыз-келиндерин шыктандыруу, алдыга умтултуу максатын көздөгөн бул поэманы тогуз жылга жакын убакытта жазып бүткөн.

Китептин бет ачары декабрь айында Ташкентте өтө турган "Ачык Евразия" адабий фестивалы жана китеп форумунун алкагында болот.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.45
0.00
EUR
88.96
0.00
KZT
0.18
0.00
RUB
1.37
0.00
TJS
8.27
+0.02
TMT
24.13
+0.01
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+4°C Тегеран
-13°C Москва
-24°C Астана
-4°C Бишкек
-6°C Алматы
+1°C Дүйшөмбү
+1°C Ашхабад
-3°C Ташкент

Соцсети