• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
758 Категория: Культура - Published: 14/08 - 12:00

Ирандын борбордук бөлүгүндө жайгашкан Исфахан шаары өзүнүн перс архитектурасы менен белгилүү.

Бул байыркы шаарда XI-XIX кылымдардагы ислам архитектурасынын көп сандаган эстеликтери сакталып  калган. Исфахандагы кереметтер көп кылымдар бою дүйнөнү таң калтырып келет.

Шаардагы эң кызыктуу жана таң калыштуу жерлердин бири делип 5 метрлик эки мунарасы кыймылдап турган Минаре Жомбан күмбөзү эсептелинет. Минаре Жомбан күмбөзү – XIV кылымда белгилүү болгон атактуу перс мистиги Аль Абдулланын мавзолейинин бир бөлүгү болуп саналат.

Бүгүнкү күндө Минаре Жомбан – өлкөнүн булуң-бурчунан келген туристтердин зыярат кылган жерине айланган. Бул курулуштун эки мунарасы атайын дайындалган кызматкер тарабынан үзгүлтүксүз кыймылга келтирилип турат. Мурда болсо каалаган турист курулуштун үстүнө чыгып, мунараларды кыймылга келтире алчу.

Атайын дайындалган кызматкер мунараларды ар бир жарым саат сайын термелтип турат. Бул көп физикалык күч-аракетти талап кылган кыйын иш болуп саналат. Бул иштеги негизги нерсе – туура ритмди кармоо. Туристтерди айран-таң калтырганы - күмбөздүн оң жактагыы мунарасы кыймылга келтирилген соң, анын ыргагы менен сол жактагы экинчи мунара дагы кыймылга келип, термеле баштайт. Мунаралар термелген кезде ага орнотулган коңгуроолор кагыла баштайт.

Мунаралар эмне үчүн кыймылдайт деген көптөгөн божомолдор бар. Биринчи божомол боюнча, кыштардын өзгөчө курамы болгон жана алар күмбөз курулуп бүткөндөн соң бир аз убакыт өткөндөн кийин ийилчээк болуп калган. Башка божомол боюнча, байыркы инженерлер имараттарды катуу жер титирөөлөрдөн коргоо үчүн кыштардын ортосуна  жыгач тактайчаларды коюшкан, андан улам дубалдар ийилчээк болуп калган.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
-4.04
USD
79.87
0.00
EUR
84.48
0.00
KZT
0.19
0.00
RUB
1.30
0.00
TJS
6.42
-3.47
TMT
22.82
-3.81
UZS
0.01
-2.70

Аба ырайы

 

+24°C Тегеран
+7°C Москва
+13°C Нур-Султан
+14°C Бишкек
+14°C Алматы
+16°C Дүйшөмбү
+26°C Ашхабад
+16°C Ташкент

Соцсети