48 Категория: Культура - Published: 07/10 - 12:21

БИШКЕК, 7-октябрь. — Eurasia Today. Ош шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын сүрөтчүлөрү тажрыйба алмашуу багытында жолугушуу өткөрүштү.

Иш-чара облустук көркөм сүрөт музейинде болду. Бул тууралуу музейдин директору Бактыгүл Мидинова билдирди.

Жолугушууга Бишкек, Жалал-Абад, Ош жана Өзбекстандын Андижан облусунан 10 көркөм сүрөт чебери катышты. Максаты - эки өлкөнүн сүрөт чеберлери биригип, Борбордук Азияда живопись жанрын өнүктүрүү, жаңы технологиялардын жардамында чыгармачылыкты илгерилетип, искусство чеберлери менен өз ара аракеттенүүсүн күчөтүүгө багытталган. Уюштуруучулардын айтымдарында, ар бир катышуучу өзүнүн түрдүү эмгектеринин бет ачарын жасашты.

Бул иш-чарага өзбекстандык Муродвой Умаров да катышты. Ал 1954-жылы Ош облусунун Араван районунда туулган менен кийин Өзбекстанда жашап калган. Учурда Анжиян көркөм окуу жайында сабак берет.

  
Теги: