БИШКЕК, 29-сентябрь. — Eurasia Today. Түштүк Кореянын «Кальмар оюну» («Игра в кальмара») сериалы дүйнө жүзүндө популярдуу болгон “Netflix” платформасында көрүүчүлөрдүн эң көп санын топтоп, биринчи орунга чыкты.
Бул тууралуу "Korea Times" маалымдаганын жергиликтүү басылмалар жазышты.
Биринчи жолу 17-сентябрда көрсөтүлгөн сериалдын бир жуманын ичинде популярдуулугу артып, көрүүчүлөрдүн саны боюнча биринчи орунга көтөрүлгөн.
Аталган сериал АКШ өңдүү өлкөлөрдүн сеиалдарынан ашып, дүйнөлүк рейтингде сап башына жайгашкан. КBS телеканалы түштүк кореялык сериал биринчи жолу бул рейтингге кирип жатканын белгилеген.
Сериал 9 эпизоддон турат жана анда каармандар өмүрү акчага же өлүмгө сайылган жарыштарга катышат.