1191 Категория: Культура - Published: 11/08 - 17:18

Иранда килем ар дайым эң кымбат үй-бүлөлүк баалуулук деп эсептелинип келген жана бир дагы ирандыктын үйүн килемсиз элестүү мүмкүн эмес.

Иран өзүнүн килем токуучулук өнөрүнүн узун тарыхы менен сыймыктана алат. Килем - перс маданиятынын жана тарыхынын ажырагыс бир бөлүгү, килем токуучулук ирандыктар бүт жан дүйнөсүн жумшаган улуттук искусствонун бир түрү болуп саналат. Килем токуунун сырлары байыртадан эле муундан-муунга өткөрүлүп келген. Жан дүйнөгө жылуулук тартуулаган колго токулган перс килемдери өзүнүн уникалдуу кооздугу жана жогорку сапаттуулугу менен дүйнөдө биринчи орунду ээлейт. Азыркы учурда перс килемдери бүткүл дүйнө жүзүнө белгилүү.

Перс килемдеринин тарыхы

Перс килемдеринин тарыхын айтып берүү үчүн биз мындан 2500 жыл мурдакы мезгилге кайтып барышыбыз керек. Эң байыркы перс килеми Алтайда табылган. Ал “Пазирик” деп аталат. Колго токулган эң белгилүү бул килем 1949-жылы Түштүк Сибирдеги Алтай тоолорунда белгилүү археолог  Сергей Руденконун жетекчилиги астында археологиялык экспедиция учурунда муздун чоң кесегинде табылган. Тарыхчылар бул килем Ахамениддер дооруна тиешелүү болгонун билдиришкен. Килемдин бүгүнкү күнгө чейин, кереметтүү сакталып калышынын сыры - анын көптөгөн кылымдар бою музда тургандыгында.

Бүгүнкү күндө “Пазирик” килеми Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы мамлекеттик “Эрмитаж” мезейинде сакталып турат. Бул артефакт табылган жер байыркы Персиянын аймагы болуп эсептелинет. Тарыхчылардын айтымында, килемди  көчмөндөр токуп башташкан. Ал килемдер жеңил болгон жана аны бүктөп, жерден-жерге көчүүдө оорчулук туудурган эмес. Адамдар килемди шамалдан жана кумдуу бороондон коргонуу үчүн колдонушкан. Алгачкы килемдердин көрүнүшү анча укмуштуу жана кооз болгон эмес, алар бир түстө жана жөнөкөй болгон. Ал убактарда килемдер үй-бүлөлөрдө токулуп, жеке муктаждыктар үчүн пайдаланылган. Биздин доордун башынан баштап гана килемдер сатылып, белекке бериле баштаган. Убакыттын өтүшү менен жөнөкөй килем түркүн түстүү болуп, ага оюу түшүрүлө баштаган. Башында килемдин бетине жаныбарлардын, адамдардын, күн менен айдын белгилери түшүрүлө баштаган.

Токуучулар килемге бүтүн жомокторду сүрөттөй башташкан. Биздин заманга чейин 400-кылымда жазуучу Ксенофонт перс килемдерин искусство чыгармасы катары сүрөттөгөн. Ксенофонттун убагында килемди падышалар башка башкаруучуларга урматтоо белгиси катары белекке беришкен. Ислам ишеними менен килем токуудагы салттар өзгөрүлгөн. Килем бетине жаныбарлардын сүрөттөрүн түшүрбөй, анын ордуна килемди символдор жана белгилер менен кооздой башташкан. Килем токуу өнөрүнүн  тарыхынын башынан бери  бүгүнкү күнгө чейин эң сонун жана уникалдуу килем делип “Бахарестан” (“Жазгы килем” деген маанини түшүндүрөт) килеми эсептелинет. Анда жазгы бакча сүрөттөлгөн. Бул килем Хосров I Ануширван шахка таандык болгон. Узундугу 140 метр, туурасы 27 метр жана салмагы бир нече тонна болгон бул килем алтын жиптер жана кымбат баалуу таштар менен токулган. Бирок, тилекке каршы,  биздин күнгө килемдин тарыхы гана жетти, килем болсо жоголуп кеткен. XV кылымда эң кымбат перс килеми токулган, ал 1928-жылы Лондондо 111,555 долларга сатылган. Ал килем Исфахан шаарында токулган.

Перс килемдеринин түрлөрү

Иранда килем токуу салты маданияттын маанилүү бир бөлүгү катары сакталат жана бүгүнкү күнгө чейин колго токулган килемдер эң баалуу буюм катары эсептелинет. Килемдердин ар түрдүүлүгү таң калтырат: килем токууда ар бир провинциянын өзүнүн уникалдуу стили жана мүнөздүү оймо-чиймелери бар. Бүгүнкү күндө килем токуу өнөрүнүн негизги борборлору делип Тебриз, Исфахан, Наин, Кум жана Габе саналат.

Тебриз килемдери

Перс килемдеринин чыныгы билгичтери бир көргөндө эле Тебриз килемин аныктай алат. Тебриз килемдеринин борборунда айды символдоштурган медальон бар, ошондой эле килемдин бетине мечиттер, согуш көрүнүштөрү, жаратылыш жана башка сүрөттөр түшүрүлөт. Бул килемди токууда негизинен кызыл, көк жана ачык сары кызгылт түcтөр колдонулат.

Исфахан килемдери

Исфахандын килемдери көбүнчө Европада популярдуу болуп саналат. Исафаханда VI кылымда эле өлкө боюнча мыкты килемдерди өндүргөн мануфактура ачылган. Исфахан килемдери ачык түстүү келип, саймасы майда болот. Саймасы канчалык майда болсо, килемдин баасы ошончолук кымбат болот.

Кум килемдери

Кумдун килемдери эң баалуу жана өтө сонун килемдер деп эсептелинет. Алар негизинен жибектен токулат жана пил сөөгүнүн өңүндөй (агыш-боз), жашыл жана күрөң түстөр колдонулат. Жибектен токулган килемдер жеңилирээк жана жука болот. Мындай килемдин баасы жүндөн токулган килемден бир нече эсеге кымбат болот.

Наин килемдери

Наин килемдери ачык жашыл жана көк түстүү болот. Бул килемдердин негизги оймосу делип майда гүлдөр жана бутактар эсептелинет. Бирок Наин килемдеринин уникалдуулугу анын түсүндө эмес, анын уникалдуулугу килем токууда колдонулган ичке пахтада.

Габе килемдери

Габе кыштагында чеберлер сүрөттөрү жана оймо-чиймелери чоң болгон эки беттүү килемдерди токушат. Габе килемдери жөнөкөй болгондуктан улам укмуштуу перс килемдери менен атаандаша албайт, бирок ал Иранда жана чет өлкөлөрдө сапаты жана  баасы жагынан белгилүү.

                                             
Теги: