• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
1306 Категория: Культура - Published: 24/09 - 09:28

БИШКЕК, 24-сентябрь. — Eurasia Today. Ош шаарында өткөн Республикалык айтыштын финалында баш байгеге сайылган 300 миң сомдук алтын жалатылган “Алтын комузду” төкмө акын Баян Акматов жеңип алды.

Ага кошуп 80 миң сом акчалай сыйлык тапшырылып, “Ак таңдай” аталышындагы алтын төш белги тагылды.

Ал эми, 1-орунду багындырган Айсааба Базарбай кызы 70 миң сом, 2-орунду алган Жылдызбек Төрөканов 50 миң сом, 3-орунду ээлеген Мамбеттокто Мамбеторозо уулу 40 миң сом менен сыйланышты.

Мындан сырткары, калган төкмө акындарга 10 миң сомдон кызыктыруучу акчалай сыйлык тапшырылды.

“Ак таңдай” аталышындагы айтыштын тандоо туруна 20 жуптан 40 акын ат салышып, алардын 16сы финалга жолдомо алышкан. Булардын экөө Казакстандан келишти. Аларды казак элинин төкмө акыны Бөрүбай Орозумбетов жетектеп жүрдү.

Ал эми КР Эл артисттери Саламат Садыкова жана Түгөлбай Казаковдор баштаган өнөр адамдары калыстар тобунда болушту.

Баш байгеге коюлган «Алтын комуз» сыйлыгынын демөөрчүсү жана автору, меценат Ниязбек Айбашев бул жолу эки алтын жалатылган өрүк комузга демөөрчүлүк кылган. Алардын бирин Сулайман-Тоо тарыхий-археологиялык музей комплексине өткөрүп беришти.

Айтышты “ЭлТР” МТРКсы менен “Ак таңдай” акындар ордосу уюштуруп, иш-чара эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына, Мамлекеттик тил майрамына жана Ош шаарынын күнүнө арналды.

Республикалык деңгээлде өткөрүлгөн акындардын айтышы 2 күнгө созулду. Ага “Алтын комуздан” сырткары, байге фондуна Президенттик фонддон 500 миң сом акча каражаты да бөлүнгөн.

Кошумчалай кетсек, “Ак таңдай” деп аталган акындардын “Алтын комуз” үчүн айтышы ушуну менен экинчи ирет өткөрүлүп жатат. Алгачкысы 2015-жылы уюштурулган. Анда баш байге менен кошо “Алтын комузду” КР эмгек сиңирген ишмери Рахматулла Козукеев алган.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
87.58
0.00
EUR
94.27
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.06
0.00
TJS
8.03
+0.01
TMT
25.03
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+28°C Тегеран
+7°C Москва
+19°C Астана
+26°C Бишкек
+24°C Алматы
+30°C Дүйшөмбү
+32°C Ашхабад
+30°C Ташкент

Соцсети