962 Категория: Культура - Published: 23/09 - 15:21

БИШКЕК, 23-сентябрь. — Eurasia Today. Өрүктөн чабылып, алтынга жалатылган 300 миң сомдук комуз баш байгеге сайылган.

Мындан сырткары, байге фондуна Президенттик фонддон 500 миң сом бөлүнгөн.

Ош шаарында өтүп жаткан Республикалык айтыштын тандоо туруна 20 жуптан 40 акын ат салышты. Анын үчөө Казакстандан келген төкмө акындар. Бүгүн булардын ичинен 14ү суурулуп чыгып, жыйынтыктоочу туру Ош улуттук драма театрында өтүп жатат.

Бул иш-чараны эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына, Мамлекеттик тил майрамына жана Ош шаарынын күнүнө арнашты.

Фото: Турмуш

Теги: