• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
309 Категория: Культура - Published: 23/09 - 11:53

БИШКЕК, 23-сентябрь. — Eurasia Today.  Бүгүн  Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын алдында Дүйнө элдеринин эпосторунун VI Эл аралык фестивалына даярдыктар башталууда.

Фестивалга Казакстан, Өзбекстан, Орусия (Хакасия, Тоолуу Алтай, Тыва, Калмыкия, Саха- Якутия, Башкортостан, Новосибирск, Абхазия ж.б.), Азербайжан, Армения, Белоруссия, Лативия, Эстония, АКШ, Иран жана Франциянынын белгилүү окумуштуулары, эпос таануучулары жана өнөр адамдары келишкен.
Анын алкагында окумуштуулар эпос таануучулар жана окумуштуулардын арасында симпозиум, тегере столдор өтөт.
Мындан тышкары, "Кыргыз көчү" этношаарчасы ачылып, "Түндүк көтөрүү" салты көрсөтүлүп, улуттук “Көчмөндөр оюндары” ойнотулуп, дүйнө элдеринин улуттук ашканалары көргөзмөгө коюлат.
Фестиваль 25-сентябрга чейин өткөрүлүп, анда "Мыкты кыргыз боз үйү", "Саркеч көчмөн" , "Мыкты семетейчи" жана сынактары уюштурулат.
Фестивалдын жеңүүчүлөрүнө байгелүү сыйлыктар берилет.
Маданий иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана улуу акын Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналат.

Эске салсак, аталган фестиваль 2006-жылдан бери өтүп келет. Ал эми 2021-жылы өтүп жаткан фестивалды Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, "'Манас жана Ч. Айтматов Улуттук академиясы жана "Арт Араба" коомдук фонду биргеликте өткөрүүдө.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
82.83
-0.21
EUR
84.83
+0.38
KZT
0.17
-0.57
RUB
1.35
-0.01
TJS
8.09
-0.16
TMT
23.71
-0.21
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+32°C Тегеран
+23°C Москва
+18°C Нур-Султан
+24°C Бишкек
+23°C Алматы
+30°C Дүйшөмбү
+32°C Ашхабад
+28°C Ташкент

Соцсети