• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
267 Категория: Культура - Published: 30/04 - 15:45

БИШКЕК, 30-апрель. — Eurasia Today. Польшалык окумуштуулар Варшавадагы Улуттук музейде сакталып турган жана көптөн бери эркек адамдын сөөгү деп эсептелинип келген мумия чындыгында 26-28 жумалык кош бойлуу аялга таандык экендигин аныкташты.

Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Бул кош бойлуу аялдын дүйнөдөгү биринчи белгилүү мумиясы болуп саналат.
Египеттик мумия Польшага 1986-жылы алынып келинген жана саркофагдагы иероглифтик жазуулар боюнча Хор-Жихути аттуу эркек адамга таандык деп эсептелген.

Окумуштуулар 2016-жылы сөөк чындыгында аялга таандык  экендигин томографтын жардамы менен аныкташкан. Алар мумияны бузуп алуудан коркуп, аны эч качан ачышкан эмес. Бул ачылыш жөнүндө макала Journal of Archaeological Science журналына жарыяланган.

Изилдөөчүлөр тобунун өкүлүнүн айтымында, окумуштуулар долбоорду жыйынтыктаганы жатышкан, бирок акыркы күнү археологдордун бири рентген сүрөттөрүн дагы бир жолу карап жатып, аялдын ичинен кичинекей бутту байкап калган. Изилдөөчүлөр томографиялык жана рентген сүрөттөрдү кайрадан анализдешип, түйүлдүктү толук көрө алышкан.

Маалым болгондой, аял болжол менен 26-28 жумалык кош бойлуу болгон.

“Мумиялоо учурунда белгисиз себептерден улам түйүлдүк ич көңдөйүнөн алынып салынган эмес. Ошондуктан бул мумия чындыгында өзгөчө мумия болуп саналат. Биз суроолорду жөнөттүк, бирок мындай учур болгонун таба алган жокпуз. Демек, биздин мумия курсагында түйүлдүгү бар деп таанылган дүйнөдөгу жалгыз мумия болуп саналат”, - деп баса белгилеген Польшанын Илимдер академиясынын Жер Ортолук деңиз жана чыгыш маданияты институтунун доктору Войцех Эйсмонд.

Эми окумуштуулар аялдын өлүмүнүн сырын ачканга аракет кылышат.
“Ошол мезгилде кош бойлуулук жана төрөт учурундагы өлүмдүн деңгээли жогору экендиги эч кимге жашыруун эмес. Ошондуктан, кош бойлуулук кандайдыр бир жол менен жаш аялдын өлүмүнө таасир эткен болушу мүмкүн деп эсептейбиз”, - деди доктор Эйсмонд.

Мумиянын ткандарында кандын издери бар. Долбоордун кезектеги пландаштырылган этабынын алкагында окумуштуулар анын курамын изилдешет. Аны менен кош бойлуу аялдын өлүмүнүн себебин билүүгө болот.
Окумуштуулардын айтымында, бул ачылыш кош бойлуулукту жана ага байланыштуу байыркы тажрыйбаларды изилдөөгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.66
0.00
EUR
102.73
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
7.49
-0.03
TMT
24.22
-0.03
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+18°C Тегеран
+13°C Москва
+12°C Нур-Султан
+6°C Бишкек
+5°C Алматы
+16°C Дүйшөмбү
+19°C Ашхабад
+14°C Ташкент

Соцсети