63 Категория: Культура - Published: 26/03 - 14:51

Тургунбай Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейинде Кульнар Рымбектин жеке сүрөт көргөзмөсө коюлду.

25-марттан башталган иш-чарада сүрөтчүнүн эмгегинен жаралган түрдүү графикалык чыгармалары келгендерге сунушталды.

Негизинен ал балдарды жомок дүйнөсүнө жетелеп, андагы каармандарды көп тартууга басым жасайт. Көргөзмөдө автордун балдарга арналган сүрөттүү жомок китептери да сатыкка коюлган.

Кыргызстан сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Кульнар Рымбектин эмгектери буга чейин жергиликтүү жана Эл аралык 40тан ашуун сүрөт көргөзмөлөргө коюлган. Ошондой эле анын сүрөттөрү Кыргыз Улуттук көркөм сүрөт музейинен сырткары, Орусия, Англия, Швейцария, АКШ, Индия, Түштүк Корея, Түркия, Франция, Мальта, Нидерландия сыяктуу мамлекеттерде сакталып турат.

    
Теги: