• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
42 Категория: Культура - Published: 12/01 - 11:24

Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, таланттуу обончу, композитор Рыспай Абдыкадыровдун 12-январь, туулган күнүнө карата, Кыргызстандын бардык аймактарында атайын иш-чаралар уюштурулду.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдиргендей, Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрындагы эскерүү кечеси концерт менен коштолду.

Ал эми Ош шаарында ырчынын бейитине барып, куран окулуп, Ош облустук филармониясынын алдындагы эстелигине гүлчамбар коюлду. Анын 80 жылдыгына арналган чоң программадагы концерт ырчынын атын алып жүргөн облустук филармонияда тартууланды.

Рыспай Абдыкадыровдун көзү тирүү болгондо, бүгүн, 12-январда, 80 жашка толмок. Ал 1941-жылы 12-январда Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Кызыл-Булак айылында төрөлгөн.

1994-жылы 12-сентябрда 53 жашында узакка созулган оорудан каза болуп, сөөгү Оштогу Сулайман-Тоонун бооруна коюлган.

Абдыкадыров чыгармачылык жолунда 200дөн ашуун обон жараткан. Ырлары классикалык чыгармалардын катарына кирип, эл арасында кеңири таанылган.

Анын “Алмашым”, “Түгөйүм”, “Сагынуу”, “Издейм сени”, “Алтынчы күнү кечинде”, “Жүрөктү кетпе жаралап” деген ырлары калың элдин катмарына сиңип, азыркыга чейин улуу-кичүүнүн жүрөгүнөн орун алып келет.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
79.50
0.00
EUR
84.21
+0.07
KZT
0.17
+1.04
RUB
1.45
-1.04
TJS
7.53
+3.21
TMT
22.71
+0.00
UZS
0.01
+1.39

Аба ырайы

 

+28°C Тегеран
+12°C Москва
+12°C Нур-Султан
+30°C Бишкек
+28°C Алматы
+33°C Дүйшөмбү
+34°C Ашхабад
+33°C Ташкент

Соцсети