Ыйык коргонуу кинематографиясы 1981-жылы раймий түрдө ачылып, өз ишмердүүлүгүн баштаган жана бул доор исламдан кийинки эң мыкты тартылган кээ бир кинотасмалардын тартылышына себеп болгон.
Ошол жылдардын башында, 1981-жылы “Марз” (Чек ара) жана 1982-жылы “Барзахи ха” (Коркунуч алдында) деген кинотасмалар тартылган. Чек ара кинотасмасы Жамшид Хейдари тарабынан тартылып, анда чек арада жайашкан айылдын тургундарын душмандар аскеринен коргоо аракеттери чагылдырылган.
Ирактын Иранга каршы таңууланган согушу доорундагы Ыйык коргоо кинематографиясынын кинотасмалары
Ирандын көптөгөн кинорежиссерлору, кинотасмаларды өз жон тери менен тажрыйба кылып, тартышкан жана согуш жөнүндөгү тасмаларда чыныгы болгон окуя абдан чеберчилик менен тартылып, ар бир адамдын согуш маалындагы адилетүүлүгүн чагылдырган. Мындай тасмаларга “Ниневиа” (Расул Моллаголипур 1984-ж), “Тымызын үн” (Майид Хажи Мири, 1983-ж.) “Түнкү учуу” (Расул Иоллаголипур 1986-ж.), “Адам жана курал” (Можтаба Раии 1989-ж.) “Сүйүү торунда” (Камаль табризи 1991-ж.) айтууга болот.
Андан тышкары, таңууланган согушту чагылдырган тасмалар, атайы эффекттер менен кыймыл-аракетке абдан бай, бирок анын аягы эмне менен бүтөөрү баарына маалым болгон. “Жээкти көздөй сүзгөн кайык” (Расул Моллаголипур 1985-ж.), “Кани манга” (Сейф Аллахдад 1988-ж.), “Бүркүттөр” Самоель Хачикиан 1985-ж.), “Мейкиндик”(Расул Моллаголипур 1988-ж.) тасмаларды, согуш жөнүндө абдан таасирдүү жана ийгиликке жетишкен стилде тартылган кинотасмалар десе болот.
Таңууланган согуш жүрүп жаткан маалда, режиссерлордүн камералары аскердик окуяларды көбүрөөк чагылдырышкан жана согуштагы чыныгы болгон окуяларды аз чагылдырышкан. Алар көрүүчүгө чыныгы согуш талаасын чагылдырууга аракет кылышкан.
Ирандын Ыйык коргонуу кинематографиясында бир гана согуш жөнүндө тасмалар тартылган эмес, чындыгында танууланган согуштагы көз карашты жана баалуулуктарды коргоо болгон. Булар Иран кинематогорафиясында гана “Ыйык коргонуу” деген аталышта калыптанган жана согуш дүйнөсүн башкалардан айырмаланткан.
Ирактын Иранга каршы таңууланган согушунан кийинки Ыйык коргонуу кинотасмалары
Таңууланган согуштун натыйжасында Ыйык коргонуу кинематографиясынын жаңы доору башталган. Бул доорлор жөнүндөгү тартылган кинотасмаларды согуш окуяларын жана согуштан тышкаркы окуяларды да толугу менен чагылдыра алды десе болот, б.а. согуштагы чындыкты чагылдырган тасмалар деп: “Чалгынчы” (Ибрагим Хатамикиа 1989), “Жылан тиши” (Хосроу Синаи 1990-ж.), “Качкын” (Ибрагим Хатамикиа 131989-ж.), “Сүйүү көчөлөрүндө”(Хосров Синайи 1990-ж), “Каркук амалдары” (Мохаммад Бозорнийа 1993-ж.), “Акыркы идентификация” (Алишах Хатами 1993-ж.), “Юсуфтун көйнөгүнүн жыты” (Ибрагим Хатамикия 1995-ж.), “Лейли мени менен” (Камаль Табризи 1995-ж.), “Боронго окшош адам” (Сайид Сахили 1996-ж.), "Кызыл түлкү" (Ибрагим Хататмикия 1998-ж.), “Мехр айында төрөлгөн” (Ахмадреза Дарвиш 1999-ж.) жана башкаларды айтса болот.
80-жылдарда Ыйык коргонуу кинематографиясынын тасма тартуудагы жанрлары төмөндөгөн, бирок андан кийинки он жылдыктарда абдан жетилген жана мыкты чыгармалар көбүрөөк тартыла баштаган.
“Дуэль” (Ахмадреза Дарвиш 2003-ж.), “Сол буттун алдындагы чоң барабан” (Казем Масуми 2004-ж.) “Командирге бейпил түн” (Энсие Шаххосейни 2005-ж.), “Кечки автобус” (Киюмарс Пурахмад 2006-ж.), “Үчүнчү күн” (Мохаммад Хосейн Латифи 2006-ж.) “Он үч 59” (Саман Салур 2011-ж.), ж.б. кинотасмалар сексенинчи жылдардагы эң мыкты кинотасмалар деп эсептелет.
Ирандын Ыйык коргонуу кинематорграфиясынын тасмалары 90-жылдарда абдан тездик менен өтнүккөн жана өткөн жылдардагы анча-мынча кемчиликтердин ордун толтура алышкан. Ошентип, тасмалардын баалуулугу жана Ирандагы Ыйык коргонуунун жаңы деми Ыйык коргонуунун кинематогорафиясы жөнүндө көз-караштар менен ой-толгоолордун өзгөрүшүнө алып келген.
.
Валюта курсу
Аба ырайы