• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
117 Категория: Культура - Published: 07/11 - 13:32

Жогорку Кеңештин депутаты, жазуучу-акын, саясат таануу илимдеринин доктору Каныбек Иманалиевдин “Кыргыздар" аттуу китебинин түрк тилиндеги котормосу жарык көрдү.

Бул тууралуу ЖК депутаты Эмил Токтошев билдирди.

Ушуну менен аталган китеп алтынчы тилге которулду. Буга чейин “Кыргыздар” орус, англис, немис, кытай, араб тилдерине которулуп, 60тан ашуун өлкөгө жайылтылган.

“Чет элге чыгып калсак бизге визит картасындай эле болуп калды. Кыргыз эли үчүн чоң эмгек жараткан К. Иманалиевге мындан ары да чыгармачылык эргүү каалайм. Түрк тилинде 10 000 даана чыгарууга салымын кошкон Кожогелди Култегинге да чоң ыраазычылык билдирем!”,- деди депутат.

Ушул жылдын башында, К. Иманалиевдин бул китеби араб тилине которулуп, Катарда өткөн 30-Эл аралык “Доха” китеп көргөзмөсүндө бет ачары өткөн.

 
Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
81.57
0.00
EUR
79.55
0.00
KZT
0.17
0.00
RUB
1.36
0.00
TJS
7.92
0.00
TMT
23.16
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+26°C Тегеран
+10°C Москва
+14°C Астана
+16°C Бишкек
+13°C Алматы
+19°C Дүйшөмбү
+24°C Ашхабад
+18°C Ташкент

Соцсети