88 Категория: Культура - Published: 19/10 - 12:29

Ирандык режиссер Амир Мехрандын “Ак кит” аттуу анимациялык тасмасы Польшада өткөн 36-эл аралык кинофестивалда “Эң мыкты анимация” сыйлыгын жеңип алды.

Бул тууралуу “Pars Today” агенттиги кабарлады. Маалыматка ылайык, 36-эл аралык кинофестиваль Варшава шаарында 9-октябрдан 18-октябрга чейин өткөрүлдү. Варшава кинофестивалы Канн, Берлин, Венеция жана Шанхай сыяктуу фестивалдар менен катар дүйнөдөгү эң мыкты 15 фестивалдын катарына кирет жана Дүйнөлүк кино продюссерлердин Бүткүл дүйнөлүк ассамблеясы тарабынан бекитилген.

Ирандык режиссердун он мүнөттүк кыска анимациясында жалгыз адамдын бир нече жыл мурун абадан жасалган соккуда жоготкон досторун издөөгө аракет кылган окуясы баяндалат. Ак кит анын бирден-бир белгиси болот.

Теги: