• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
117 Категория: Культура - Published: 21/03 - 17:49

БИШКЕК, 21-март. — Eurasia Today. 21-март Нооруз майрамына карата өткөрүлгөн Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кубогуна арналган Көк-Бөрү мелдешинин жеңүүчүлөрү аныкталды.

 Финалда Кара-Суу менен Кара-Кулжа командалары кездешип, Кара-Кулжа командасы 5:1 эсебинде жеңишке жетишти.

Ал эми үчүнчү орунду Араван, төртүнчү орунду Өзгөн районунун командасы ээледи.

Жеңүүчүлөрдү  сыйлоо аземине Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов катышып, сыйлыктарды тапшырды.

1-орун Кара-Кулжа командасы (150 000 сом);

2-орун Кара-Суу командасы (100 000 сом);

3-орун Араван командасы (70 000 сом);

4- орун Өзгөн командасы (40 000сом)

Активдүү катышкан Алай, Чоң-Алай, Ноокат жана Ош шаарынын командаларына 10 000 сомдон берилди.

Белгилей кетсек, Көк-Бөрү боюнча мелдеш өлкө президентинин “Инсандын руханий адеп-ахлагы жана дене тарбиясын өнүктүрүү жөнүндөгү” жарлыгынын алкагында өткөрүлдү.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
87.58
0.00
EUR
94.27
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.06
0.00
TJS
8.03
+0.01
TMT
25.03
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+28°C Тегеран
+12°C Москва
+19°C Астана
+26°C Бишкек
+24°C Алматы
+30°C Дүйшөмбү
+32°C Ашхабад
+30°C Ташкент

Соцсети