• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
102 Категория: Культура - Published: 21/03 - 09:14

БИШКЕК, 21-март. — Eurasia Today. 21-мартта саат 10:00дө "Ала-Тоо" аянтында майрамдык иш-чара өткөрүлөт.

Саат 12:30 дан баштап 17:00 го чейин Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын чыгармачыл жамааттарынын жана Кыргыз искусствосунун маданият жана өнөр чеберлеринин концерттик программасы тартууланант.

Ошону менен бирге, аянтта жалпы элдик майрамдоо улантылат.

Майрамдык иш-чаралар борбор калаанын бардык райондорунда өткөрүлөт.

Октябрь району
19-март күнү саат 19:00дө Алтын-Ордо конушунда улуттук сүмөлөк даярдалган майрамдык иш-чара өткөрүлөт.

21-март күнү саат 10:00дө №73 мектепте Тунгуч кичи районунун тургундарынын «Спорттук Нооруз» спартакиадасы өтөт.

21-март күнү саат 10:00дө Көк-Жар конушунун №103 мектебинин аймагына боз үй тигилип, салтанаттуу иш-чаралар, улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлүп, майрамдык дасторкон жайылат.

Свердлов  району
20-март күнү саат 10:00дөн 20:00гө чейин Ак-Бата конушунда элдик майрамдар уюштурулуп, боз үй тигилип, дасторкон жайылып, концерттик программа тартууланып, улуттук оюндар жана спорттук мелдештер өткөрүлөт.

22-мартта саат 14:00дө К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында "Сармерден" өткөрүлөт.

Нооруз майрамын белгилөөнүн алдында «Сайма» мелдеши өткөрүлүүдө. «Сайма» мелдеши райондун мектептеринде жана бала бакчаларында улуттук кийимдерди, оймо-чиймелерди, шырдактарды, баш кийимдерди улуттук турак жайды жайылтууга жана өркүндөтүүгө багытталган. Жеңүүчүлөр үчүн байге фонду каралган.

Ошондой эле бардык каалоочулар үчүн (ата-энелер менен балдарга) райондун Балдар чыгармачылык борборунун базасында ар жума күнү кийиз тигүү, чий-токуу, карапа жасоо жана улуттук кол өнөрчүлүктүн башка түрлөрү боюнча акысыз мастер-класстар уюштурулууда.

Ленин району
21-мартта    “Чоң-Арык”  айылында  “Нооруз – 2023” (улуттук “сүмөлөк” тамак-ашын даярдоо) майрамдык иш-чаралары уюштурулат.

21-мартта саат 10:00дө Арча-Бешик конушунда да «Тушоо кесүү» аземи менен майрамдык иш-чара уюштурулат.

21-мартта саат 10:00дө Ак-Ордо конушунда дасторкон, концерттик программа жана улуттук оюндарды уюштуруу менен элдик майрамдар өткөрүлөт.

2023-жылдын 21-мартында саат 13:00дө Asia Mall соода борборунун жанында этникалык айыл орнотулуп, Азия элдеринин жарманкеси, ошондой эле ар улуттун өкүлдөрүнүн концерти өтөт. Майрамдын коноктору үчүн улуттук оюндар: тогуз коргоол, хан таламай, бал-таш, күрөш, ордо боюнча мастер-класс уюштурулат.

Биринчи май району
21-март күнү саат 10:00дө «Мурас-Ордо» жаңы конушунда улуттук оюндар, аркан  тартыш, ордо,  тогуз-коргоол, кичи футбол жана эстафеталык жарыш уюштурулуп жатат.

Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Сиздерди келе жаткан Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайбыз!

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
87.58
0.00
EUR
94.27
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.06
0.00
TJS
8.03
+0.01
TMT
25.03
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+28°C Тегеран
+12°C Москва
+19°C Астана
+26°C Бишкек
+24°C Алматы
+30°C Дүйшөмбү
+32°C Ашхабад
+30°C Ташкент

Соцсети