• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
420 Категория: Культура - Published: 18/03 - 09:49

БИШКЕК, 18-март. — Eurasia Today. 17-мартта 34 жылдан бери иштебей турган «Ысык-Көл» кинотеатры капиталдык оңдоп- түзөтүүдөн өткөрүлүп, ачылды.

Бул тууралуу Балыкчы пресс маалымат агенттиги кабарлады. 

Маалыматка караганда, 34 жыл бою кароосуз калган, четинен ыдырап бузулуп бараткан имаратты оңдоо иштерин шаар мэри Арнабек уулу Азамат демилгелеп,  демөөрчүлөрдүн колдоосу менен 12 миллион сом сарпталган. 

Салтанатка шаардын мэри Арнабек уулу Азамат, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Исаков, Төлөмүш Океевдин кызы Азиза Океева, киноактерлер Чоро Думанаев менен Бусурман Одуракаев жана башкалар катышты. 

Кинотеатрдын тегерегине боз үйдүн түндүгү, түндүктүн алдында залкар кинорежиссер, актерлор Төлөмүш Океев, Сүймөнкул Чокоморов, Болот Шамшиевдин эстеликтерин орнотулуп, 50дөн ашык кызыл клен көчөттөрү отургузулган.

Белгилей кетсек, “Ысык-Көл” мамлекеттик кинотеатры 1964-жылы ишин баштаган. 

Кинотеатр КР маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы кинематография департаментинин балансасында турат.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
87.42
0.00
EUR
93.12
0.00
KZT
0.19
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
8.01
+0.01
TMT
24.98
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+9°C Тегеран
+1°C Москва
-4°C Астана
+8°C Бишкек
+6°C Алматы
+14°C Дүйшөмбү
+13°C Ашхабад
+15°C Ташкент

Соцсети