• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
95 Категория: Культура - Published: 17/03 - 14:56

БИШКЕК, 17-март. — Eurasia Today. 23 жылдан бери оңдолбогон Сулайман-Тоону өнүктүрүү жана реконструкциялоо үчүн Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан 4 миллион сом бөлүндү.

Ал каражаттын дээрлик баары оңдоп-түзөө иштерине жумшалат. «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин жетекчисинин милдетин аткаруучу Хайрулло Ибайдуллаев, жумуш кайсы обьекттерде жүргүлзүлө турганын айтып, учурда смета түзүү боюнча тендер жүрүп жатканын жана андан утуп чыккан мекеме же фирмалар, туристтерге ыңгайлуу болуш үчүн атайын пландалган объекттерди өнүктүрүү долбоорун иштеп чыгып, оңдоп-түзөө жумуштарын баштай турган кошумчалады. Биз андан делталдуу иштер боюнча кененирээк айтып берүүсүн сурап, микрофон сундук.

- Хайрулла мырза саламатсызбы? Сулайман-Тоо тарыхий-археологиялык музей комплексине 4 млн доллар бөлүнүптүр. Бул каражаттар тоонун кандай иштерин аткарууга жумшалат?

- Саламатчылык. Биздин Сулайман-Тоо музей комплексинде бул эң жакшы жаңылык. Анткени бул жерде 23 жылдан бери оңдоп-түзөө иштери боло элек болчу. Акыркы жолу Ош шаарынын 3000 жылдык мааракесине карата, 2000-жылы жүргүзүлгөн. Андан бери массалык түрдө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлбө келген.

Эми азыр Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан Ош облусу жана шаарында айыл-чарбасы менен туризмди өнүктүрүү боюнча 30 млн доллар кредит жана грант катары акча каражаты бөлүнгөн. Анын ичинде туризм боюнча Сулайман-Тоосу субдолбоор катары кирип, ага 4 млн доллар тегерегинде акча бөлүнүп атат. Бул акчалар биздин музей комплекстеги эң көп туристтер келген жайларга, музейдеги көргөзмө залдарыбызга, тоодогу тарыхий-археологиялык эстеликтерибизге, зыяратчылар көп жүргөн жерлерге жумшалып, оңдолуп-түздөлүп, ошол жерлерге жумшалмакчы.

- Ошондо кайсы обьекттер оңдолот?

- Биринчи кезекте, элибиз эң кызыгуу менен көрүп жүргөн Сулайман-Тоодогу үңкүр музейи оңдолот. Үңкүр музейин билебиз, табигый үңкүрдүн ичинде жайгашып, ал жердин ички жасалгасына көңүл бурулат. Анткени үңкүргө тамчы өтүп калган. Ал жерлери бүтөлүп, ички көргөзмө залдары, жарыктандыруулары жана дүйнөдөгү заманбап технологияларды киргизели деп атабыз. Анан QR коддор аркылуу чет тилдерде дагы маалыматтарды алганга мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Жаңы концепция менен үңкүр музейинин ичин жасайлы деп атабыз.

Андан сырткары, эл күндө пайдаланган тоодогу туристтик жолдорубуз бар. Алар дагы 2000-жылдан бери капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Ошол туристтер жүргөн жолдор, анын жака-белиндеги туристтик жайлардагы инфраструктуралар, бул деген: тепкичтер, отургучтар, жарыктандыруу, булардан сырткары, Сулайман-Тоонун чыгыш этегинде жайгашкан 17-кылымга таандык Асад ибн-Бурхия күмбөзү, 11-кылымга таандык, орто кылымдагы мончо толук реконструкцияланат. Бул тарыхий эстеликтерибиз дагы Борбор Азиядагы жападан жалгыз, эң бир уникалдуу эстеликтер десек болот. Аны Кыргызстан эле эмес, чет өлкөлүктөрдү дагы кызыктыра турган эстеликтерибиз болуп саналат.

Тактап айтканда, Сулайман-Тоосу, үңкүр музейи, этнографиялык-археологиялык музей, коло дооруна таандык Ош турак жайы, орто кылымга таандык мончо, кол өнөрчүлөр көчөсү, Сулайман-Тоонун түндүк «Тоо дарбазасы», Асаф ибн Бурхия күмбөзунүн аянты, зыяратчылардын эс алуу багы сыяктуу бир канча обьекттер реконструкцияланат.

- Мисалы, ошол орто кылымдагы мончо тууралуу кененирээк айтсаңыз, ага кандай реконструкция иштери жүргүзүлөт?

- Борбор Азиядагы 4 мончонун бири болгон 11-кылымга таандык мончобуз, Сулайман-Тоонун чыгыш этегинде жайгашкан. Бул эстелик, 1983-86-жылдардагы археологиялык изилдөө жана казуу иштеринде табылып, музейлештирилген. Акыркы жолу 2000-жылы бул жерге туристтер жүрүүчү жолчолор, аларды көрүүгө ыңгайлаштырылган волкондор жасалган. Ошол учурда мончонун үстү жабылыш керек болчу, тилекке каршы жабылбай калганынын натыйжасында бүгүнкү күндө археологиялык эстелигибиз оңдоп түзөө иштерине өтө муктаж болуп турат. Бул долбоордун алкагында биринчи кезекте мончонун үстү жабылыш керек. Андан кийин анын ичиндеги археологиялык эстелигибиздин ураган кыштары бар, бузулуп кеткен жерлери бар. Алар кайрадан рестоврацияга алыныш керек.

- Ушул жерде дагы бир суроо пайда болот. Сулайман-Тоонун боорундагы мүрзөлөр тууралуу, сөөктөр тууралуу сурагым келип атат. Ушул бөлүнгөн 4 млн доллар каражаттын эсебинен мунун айланасында иштер жүргүзүлөбү? Мисалы 50 жылдан кийин сөөктөрдү жылдырууга болот дегендей маалыматтар айтылып жүргөн эле...

 - Сулайман-Тоодогу көрүстөндөр менен Ош шаарындагы башка көрүстөндөрдүн айырмасы чоң. Биринчи кезекте бул Сулайман-Тоодогу көрүстөндөрдү орто кылымдан, байыркы доордон бери адамдардын сөөктөрү ошол жерге көмүлүп, анан көптөгөн уламыштарда бул жерде олуялар, элге белгилүү инсандардын сөөктөрү жатат деген сөздөр айтылат. Ошондуктан 2009-жылы ЮНЕСКОго киргенде Сулайман-Тоонун тегерегиндеги 3 көрүстөн дагы тарыхий эстелик катары кирген. Анан биз аларды эстелик катары сүрүп, тегиздеп, ордуна башка нерсе куруу деген мүмкүн эмес. Себеп дегенде эл зыяратка келгенде ушул көрүстөндөр үчүн да келишет. Анткени уламыштарда ушул көрүстөндөрдө байыркы замандардагы аалымдардын, олуялардын дагы сөөктөрү жатат деген ишенимдери бар. Анан биздин тарыхий, эски сүрөттөрдө бир топ күмбөздөрдүн тургандыгын билебиз. Ошол эле Асаф ибн-Бурхия күмбөзү дагы ошол күмбөздөрдүн уландысы. Алардын ичинде эң байыркысы же чоңу десек болот.

Ошондуктан, көрүстөндөрдүн айлана-тегереги көрктөндүрүлүп, жашылдандырылып, зыяратчыларга шарт түзүлүп, алардын өздөрүнүн тарыхий, эскиден келаткан мүрзө аралап, зыярат кылган жолчолору бар. Ошолор тазаланып, ал жердегилер иретке келтирилиш керек.

Туура, 1978-жылы бул аймак корукка алындырылгандан кийин сөөк коюуга тыюу салынган. Бүгүнкү күндө ал жерлердеги көпчүлүк көрүстөндөр кароосуз калып, үстүндөгү тосмолору акталбай, сырдалбай, кароосуз абалда турат. Бул маселени дагы биз туристтик обьект катары киргизип кеткенбиз.

Бирок негизинен элдерди чакырып келебиз, биздин тегеректеги квартал комитеттери менен да сүйлөшкөнбүз, ошол жерде адамдардын ата-бабаларынын сөөктөрү жатышат. Жаздын келиши менен ушул жакка чыгып, көрктөндүрүү-жашылдандыруу иштерин аткарууга кол кабыш кылгыла деген чакырыктар менен иштешебиз.

Оңдоло турган обьекттер

- Демек, сөөктөрдү жылдыруу боюнча маселе жок экен да э?

- Мурда бул маселе көтөрүлгөн. Себеп дегенде Сулайман-Тоонун тегерегиндеги көрүстөндөр кароосуз калып, жолбун иттер сөөктөрдү казып, чукуган учурлар болгон. Ошондо биздин коомчулук дүрбөлөң түшүп, ак сакалдар ушул жерге жыйналып, мечиттерде чогулуп, ошол көрүстөндөрдү абат кылалы, таштандыларды таштабайлы дешкен. Анан жылда чөптөр куураганда Сулайман-Тоодо өрт чыгып кеткен учурлар катталчу. Ошондо мүрзөлөрдүн үстү да өрттөнүп кеткен учурлар болгон. Ушуларга байланыштуу бул маселе көтөрүлгөн. Бирок бул жер мусулмандардын жана ага чейинкилердин диний ишенимдеги адамдардын көрүстөндөрү деп катталып калган. Бара-бара бул жерлер зыяратчылардын ыйык жерине айланыш керек да.

- Маегибиздин соңунда дагы эмне кошумчаларды айта аласыз?

- Эми кошумчалаарыбыз Сулайман-Тоодо бадам гүлүнүн гүлдөшү менен тоодогу алгачкы жаңылык катары туристтик сезонду ачабыз. Элибизди Сулайман-Тоого келип, жакшы эс алып, тарыхыбызга саякаттап, зыярат кылып кетиштерин суранып кетет элек. Ал эми терс көрүнүштөр дагы орун алып атат. Бул жердеги таштандылардын ташталуусу тууралуу ЖМКдан чыгып атат, анан терс көрүнүштөрдүн катталышы боюнча коомчулукта дагы сөз болуп атат.

Ошого ар бирибиз көзөмөлдөсөк, Сулайман-Тоого чыкканда бири-бирибизге акыл-насаат айтып, бул жерде көрүстөндөр турат. Бул – элдин зыярат жайы, таштанды таштабагыла, аяр мамиле кылгыла деп чакырат элек. Тилекке каршы тоодогу отургучтарды, жарыктандыргычтарды, жол көрсөткүч такталарды сындырып, үстүнө боек сыйпап кеткен вандализм көрүнүштөрү да бар. Ушуларды дагы элибизге айтып, кайрылып кетет элем, өзүбүздүн байлыгыбызды өзүбүз сактайлы! Бул биздин маданий дүйнө, маданий мурасыбыз. Ал музей кызматкерлеринин менчиги же анда иштегендерге эле керек эмес, ал баарыбызга керек. Бул жерге миңдеген адамдар чыгып, күнү-түнү адамдар үзүлбөйт. Ошондуктан баарыбыз биргеликте сактайлы деген чакырыкты таштап кетет элем.

- Рахмат маегиңизге.

Маектешкен: Асанбек Пазыл

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
87.42
0.00
EUR
93.12
0.00
KZT
0.19
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
8.01
+0.01
TMT
24.98
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+6°C Тегеран
+1°C Москва
-4°C Астана
+8°C Бишкек
+6°C Алматы
+9°C Дүйшөмбү
+8°C Ашхабад
+9°C Ташкент

Соцсети