БИШКЕК, 7-март. — Eurasia Today. Түрк тилдүү мамлекеттер мындан ары адабият тармагында да кызматташмакчы.
Бул тууралуу аталган эл аралык уюмдун Баш катчысы Султан Раев өзүнүн социалдык тармактагы билдирүүсүндө жарыялады.
"ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун демилгеси менен Түрк дүйнөсүнүн жазуучулар союзу түзүлдү. Анкарада өткөн уюштуруу жыйынында Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Түркия жазуучулар уюмдарынын жетекчилери ТҮРКСОЙ демилгелеген Түрк дүйнөсүнүн жазуучулар уюмун түзүү жөнүндөгү сунушун бир добуштан колдооду. Жаңы уюм түрк өлкөлөрүндө адабий байланышты чыңдоого, чыгармачыл интегрцияны күчөтүүгө, адабий котормолорду жандандырууга, адабий жаш күчтөрдүн башын бириктирүүгө, балдар адабиятын жайылтууга максат алды. Ошондой эле жаңы уюм адабий форумдарды, жаш жазуучулардын фестивалдарын, китеп басып чыгаруу, адабий сын, изилдөө, адабият жаатындагы иш-чараларды ТҮРКСОЙ уюму менен бирге алып барат.
Түрк дүйнөсүнүн жазуучулар уюмунун Президенти жана вице-президенти үч жылга, көпчүлүк добуш менен шайланат. Түрк дүйнөсүнүн адабий сыйлыгын уюштуруу аны жыл сайын эң мыкты чыгармаларга ыйгарып туруу да белгиленди. Түрк дүйнөсүнүн жазуучулар союзнун алгачкы Президенти болуп, көпчүлүк добуш менен Казакстан жазуучулар уюмунун төрагасы, белгилүү акын Улугбек Есдаулетов, ал эми вице- президенттигине Кыргызстан жазуучулар союзунун төрагасы, белгилүү акын Нурланбек Калыбеков, уюмдун Аксакалдар кеңешине жана Ардактуу төрагалыгына Азербайжандын белгилүү жазуучусу Анар шайланды.
Жазуучулардын адабият маселесине арналган алгачкы форумду Өзбекстандын Навои шаарында өткөрүү белгиленди. Бул форумга жалпы түрк дүйнөсүнүн акын-жазуучулары, адабий ишмерлери, жаш чыгармачыл күчтөр катышат.
Форумдун алкагында түрк дүйнө жазуучуларынын эң мыкты чыгармаларын камтыган “Түрк дүйнөсүнүн берметтери” аттуу 100 томдуктун бет ачары өтөт… Ошондой эле август айынын соңунда Анжыянда кыргыз- өзбек жазуучуларынын жолугушуусун өткөрүү белгиленди. Ысык-Көлдө жана Түркиянын Кастамону шаарында жаш акындардын фестивалын өткөрүү жана башка иш-чаралар каралды.
Адабий байланыштын көпүрөсү түзүлдү. Сапары байсалдуу болсун!",- деп айтылат билдирүүдө.
Валюта курсу
Аба ырайы