БИШКЕК, 6-март. — Eurasia Today. Дүйнө жүзүндөгү түрк тилдүү элдердин маданий уюму болуп саналган ТҮРКСОЙ дагы бир эл аралык деңгээлде таанылды.
Бул тууралуу аталган уюмдун Башкы катчысы Султан Раев билдирди.
"ТҮРКСОЙдун 30 жылдык тарыхындагы эң чоң окуя. Бириккен Улуттар Уюмунун “Цивилизациялар альянсынын достор Группасына” ТҮРКСОЙ эл аралык уюму кабыл алынды. Бул чечимди БУУнун Цивилизациялар альянсынын Жогорку өкүлү Мигель Маратинос ТҮРКСОЙго жиберди. Бийик талап, татаал критерийлерден өтүп, бул дүйнөлүк кадыр-барктуу Альянска ТҮРКСОЙ эл аралык уюму 159чу болуп кабыл алынды.
ТҮРКСОЙдун акыркы бир жылдагы маданий дипломатия жаатындагы аракети, дүйнөлүк масштабтуу гуманитардык форумдардагы активдүү позициясы, маданий процесстерге жигердүү катышысуу жана БУУ, ЮНЕСКО, ИСЕСКО, Европарламент сыяктуу маанилүү аянтчаларда түрк маданиятын таанытуу, аны дүйнөлүк маданияттын ажырагыс бөлүгү катары көрсөтүү аракети позитивдүү бааланды. ТҮРКСОЙ эл аралык уюму жаңы баскычка көтөрүлүп олтурат. Бул багытта бардык түрк мамлекеттеринин колдоосу да күчтүү дем берди. Эл аралык уюмдун Баш катчысы, кыргызстандык катары бу жетишкендик, бу баа , бу тааным мен үчүн да зор сыймык.
Кыргызстандан шайланган эл аралык уюмдун Башкы катчысы катары мындан ары да өлкөбүздөн бекем ТИРЕКТИ, реалдуу КОЛДООНУ күтөбүз!",- деп айтылат Баш катчынын билдирүүсүндө.
Валюта курсу
Аба ырайы