БИШКЕК, 25-февраль. — Eurasia Today. Американын Лос-Анжелес шаарында өткөн көз карандысыз режиссёр-аялдардын X кинофестивалында кыргызстандык режиссёр Гузель Дүйшөнкулованын «Келин таш» тасмасы эки номинация боюнча жеңүүчү деп табылды.
Бул тууралуу «Кинематографты өнүктүрүү фонду» билдирди.
Маалыматка караганда, тасма «Мыкты кыска метраждуу көркөм тасма» жана «Мыкты режиссёр-аял» номинацияларын жеңип алган.
Тасма Топчугүл Шайдуллаеванын аңгемесинин негизинде «Кыргызфильм» киностудиясынын колдоосу менен тартылган.
Тасма тууралуу
Тасмада күйөөсү миграцияга кетип, кайнатасын карап калган жаш келиндин тагдыры, эркиндикти каалаган келиндердин жашоосу чагылдырылган.
Эске салсак, буга чейин кыргызстандык режиссер Асел Жураева тарткан “Теңирберди” тасмасы Иранда өткөн “Фаджр” эл аралык кинофестивалынын "Эң мыкты сценарий" сыйлыгынын ээси болгон.
Валюта курсу
Аба ырайы