БИШКЕК, 22-февраль. — Eurasia Today. Ош шаарындагы Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык-драма театры быйыл март айында ачылуу аземи болот.
Бул туурасында Кыргызстан менен Өзбекстандын Маданият министрлеринин орун басарлары Ошто өткөргөн жолугушуусунда белгилүү болду.
21-февралда Өзбекстандын маданият жана туризм министринин орун басары Баходир Ахмедов Ош шаарына иш сапары менен келип, аны Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу тосуп алды.
Жетекчилер театрды реконструкциялоо иштери менен таанышып, андан соң эки тараптуу жолугушуу өткөрүштү. Тараптар маданий кызматташтыкты бекемдөөгө, байланыштарды бардык деңгээлинде чыңдап, иш алып барууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.
Ошондой эле эки өлкөнүн маданий мекемелери Бабур театрынын салтанатуу ачылышына карата даярдыктарды талкууланып, аны ачуу сценарийин сүйлөштү.
Ошондой эле, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата Өзбекстанда "Кыргызстан маданият күндөрүн" өткөрүү да сүйлөшүлдү. Тактап айтканда, анда салтуу музыка өнөрүнөн тартып, айтыш жана эстрада жанрындагы фестивалдарга чейин атайын иш-чараларды өткөрүү пландалды.
Белгилей кетсек, өткөн жылдын сентябрь айында Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык-драма театрын реконструкциялоо иштери башталган. Долбоор үчүн жалпысынан 5 млн АКШ доллары бөлүнгөн. Реконструкциялоо иштери эки өлкөнүн ортосундагы келишимдин негизинде ишке ашууда.
Бабур театрынын имараты 1979-жылы курулган. Андан кийин капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн эмес. Өкмөт 2020-жылы театрды оңдоого бюджеттен акча бөлгөн. Бирок пандемияга байланыштуу оңдолбой калган.
Валюта курсу
Аба ырайы