Фонограмматойлордодагытыюусалынышкерепи?Маданиятминистрлигисурамжылооөткөрүүдө
- Подробности
- Просмотров: 367
БИШКЕК, 23-январь. — Eurasia Today. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги ушул жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирген фонограмма менен ырдоого тыюу салуу буйругу боюнча жарандардан сурамжылоо өткөрүүдө.
Эске салсак, Маданият министрлиги 1-январдан тарта министрликке караштуу бардык мамлекеттик маданият жана билим берүү мекемелеринде (театр, оюн-зоок мекемелери, спорттук мекемелер, филармониялар, концерттик залдар, кинозалдар, клуб, музей, китепканалар) концерттик программаларда, маданий иш-чараларда, өздүк же ижаралык көрүнүштөргө карабастан, вокалдык аткаруучулук өнөр жандуу үн менен аткарылышы керек деген буйрук чыгарган.
Буйрукка маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов кол койгон.
Министрлик фонограмма менен ырдалган учурлар катталса жоопкерчилик ошол мекеменин жетекчилигине жүктөлөрн эскертти.
"2012-жылы Жогорку Кеңеш фонограммага тыюу салган мыйзам кабыл алып, анын негизинде бир нече буйрук чыкканы белгилүү. Бирок, ага карабай маданий иш-чараларда ыгы жок колдонулуп жаткан фонограммалар тууралуу маселе учурда да көтөрүлүп келет. Бул ирет дагы бул буйрук аткарылбай калышы мүмкүн деген пикирлер орун алууда", - деп айтылат билдирүүдө.
Министрлик коомчулукту активдүүлүктү көрсөтүп, төмөнкү суроолорго комментарий аркылуу жооп берүүгө чакырды.
1) Фонограммага тыюу салынышына пикириңиз?
2) Фонограмма тойлордо дагы тыюу салыныш керепи?
3) Сиз той берип калсаңыз, чакырган ырчыңыздын фонограммасыз ырдоосун талап кыла аласызбы?
4) Сиздин пикириңиз....
Валюта курсу
Аба ырайы