• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
1217 Категория: Общество - Published: 20/05 - 13:22

БИШКЕК, 20-май. — Eurasia Today. Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан Б. уулу А. аттуу жалган прокурор кармалып,  убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал өзүн прокуратура кызматкери катары тааныштырып, А.Э.Д. аттуу жаранды кылмыш жоопкерчилигине тартамын деп коркутуп, анын уюлдук телефонун жана 50 000 сом өлчөмүндөгү накталай акчасын алган.

Тергөөнүнүн жүрүшүндө, кармалган жаран Б.улуу А. социалдык тармактар аркылуу өзүн Бишкек шаардык прокуратурасынын кызматкери катары көрсөтүп, прокуратура органдарынын формалык кийимин кийип түшкөн сүрөттөрдү жайгаштырып, ошондой эле белгилүү бир акча каражаттары үчүн юридикалык маселелер боюнча өзүнүн кызматтарын сунуштап келгендиги аныкталган.

Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу дагы башка кылмыштарга катышы аныкталууда.

  
Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
79.50
0.00
EUR
83.00
-0.68
KZT
0.17
-1.11
RUB
1.49
-1.10
TJS
7.53
+3.21
TMT
22.71
+0.00
UZS
0.01
+1.39

Аба ырайы

 

+39°C Тегеран
+22°C Москва
+17°C Нур-Султан
+24°C Бишкек
+23°C Алматы
+33°C Дүйшөмбү
+36°C Ашхабад
+31°C Ташкент

Соцсети