БИШКЕК, 13-май. — Eurasia Today. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда ондогон гектар жерлерди күздүк үкүчө курту каптап кетти.
Бул тууралуу жергиликтүү дыйкандар билдиришкенин маалымат каражаттары жазышууда.
Жалал-Абад облусунун Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин боюнча башкармалыгынын башчысы Кайрат Садыков курт район боюнча 80 гектар жерди каптап кеткенин билдирген.
Маалыматка караганда, күздүк үкүчө курту райондун Бел-Алды айыл аймагынын Коргон, Сары-Согот айылдарынын жашоочулары кайракы жерге эккен эспарцетин жеп, талааларды такырга айлантууда. Ошондой эле, Ничке-Сай, Чолпон-Ата айылдарындагы кайракы жердеги тоют өсүмдүктөрүнө да түшкөн.
Мындан тышкары, Жалал-Абад облусунун Аксы, Ноокен, Сузак райондорунда да эгин жана тоют талааларын курт менен чегиртке каптап, жеп жатканы айтылууда.
Айыл чарба министрлигинин 11-майда берген маалыматка ылайык, Кыргызстанда 13 миңден ашуун гектар жерди чегиртке каптаган.
Валюта курсу
Аба ырайы