• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
1043 Категория: Общество - Published: 13/05 - 16:26

БИШКЕК, 13-май. — Eurasia Today.  Сүлүктүдө мыйзамсыз иштеп жүргөн 11 тажикстандык кармалды.

Сүлүктүдөгү көмүр кенинде тажикстандык 11 мигрант мыйзамсыз иштеп жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат борбору кабарлады.

"29-апрелде УКМК кызматкерлери Сүлүктүдө мыйзамсыз иштеп жүргөн Тажикстандын 11 жаранын кармашты. Алардын баары Согд облусунун Жаббар-Расулов районунун Коргончо айылынын жашоочулары болгон", — деп айтылат маалыматта.

Билдирүүдө чет өлкөлүктөр өлкө аймагында мыйзамсыз жүргөнү белгиленген. Чек арадан мыйзамсыз өтүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

2021-жылы Тажикстандын Согд облусунда чек арадан мыйзамсыз өтүү айыбы менен Кыргызстандын 39 жараны соттолгон.

Кыргызстанда да ондогон тажик жараны чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн кесилген. Айрымдарына чек арадагы кагылышууларга байланыштуу айып тагылган.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
79.50
0.00
EUR
83.00
-0.68
KZT
0.17
-1.11
RUB
1.49
-1.10
TJS
7.53
+3.21
TMT
22.71
+0.00
UZS
0.01
+1.39

Аба ырайы

 

+36°C Тегеран
+22°C Москва
+17°C Нур-Султан
+24°C Бишкек
+23°C Алматы
+33°C Дүйшөмбү
+36°C Ашхабад
+31°C Ташкент

Соцсети