• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
995 Категория: Общество - Published: 13/05 - 10:54

БИШКЕК, 13-май. — Eurasia Today. Министрлер Кабинети үстүбүздөгү жылы өз каражатына тез жардам унааларын сатып алат.

Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Тез жардам унааларын сатып алууга 2022-жылдын башындагы бюджеттик каражаттардын эсебинен 169,3 миллион сом бөлүндү.  Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Кабыл алынган чечимге ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине тез жардам унааларын сатып алууга 169 347 500 (бир жүз алтымыш тогуз миллион үч жүз кырк жети миң беш жүз) сом акча каражатын бөлүп берсин;

Бул бюджеттик каражаттар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-февралындагы № 56 «Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган Жолдо жүрүүнүн жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык бөлүнгөн. 

Мындай чечим Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 106, 115-беренелерине ылайык кабыл алынган.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
79.50
0.00
EUR
83.00
-0.68
KZT
0.17
-1.11
RUB
1.49
-1.10
TJS
7.53
+3.21
TMT
22.71
+0.00
UZS
0.01
+1.39

Аба ырайы

 

+36°C Тегеран
+22°C Москва
+17°C Нур-Султан
+24°C Бишкек
+23°C Алматы
+33°C Дүйшөмбү
+36°C Ашхабад
+31°C Ташкент

Соцсети