• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
631 Категория: Общество - Published: 16/07 - 16:27

БИШКЕК, 16-июль. — Eurasia Today. Кечээ, 15-июлда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Могол айыл өкмөтүнө караштуу Чарбак айылында кудукта суу түтүктөрүн оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан эки кызматкердин жансыз денеси табылган.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы алардын өздүгү аныкталып, таза суу боюнча иш алып барган ишкананын жумушчулары экендиги такталганын маалымдады.
Каза болгон жарандар Базар-Коргон районунун 45 жаштагы тургуну К.Т. жана Чүй облусунун Сокулук районунун 18 жаштагы тургуну А.К. экендиги аныкталды.
Маалыматка ылайык, учурда алардын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.
15-июлда райондук милициянын нөөмөт бөлүмүнө окуя боюнча маалымат келип түшөрү менен, Базар-Коргон РИИБинин ыкчам-тергөө тобу жерине барып, сөөктөргө сырттан кароо жүргүзгөн. Алардан эч кандай жараат байкалган эмес. Кызматкерлердин жаныз денеси табылган 2,5 метр тереңдиктеги кудуктун ичинде суу болгон эмес.
Окуя райондук милиция тарабынан Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
+0.50
USD
84.71
+0.01
EUR
100.39
-0.26
KZT
0.20
-0.05
RUB
1.16
+0.12
TJS
7.49
+0.59
TMT
24.22
+0.59
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+26°C Тегеран
+17°C Москва
+17°C Нур-Султан
+18°C Бишкек
+18°C Алматы
+25°C Дүйшөмбү
+26°C Ашхабад
+23°C Ташкент

Соцсети