• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
16 Категория: Общество - Published: 16/07 - 15:31

БИШКЕК, 16-июль. — Eurasia Today. Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жүргөн селге байланыштуу өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу иштери Кыргыз Республикасынын Президентинин жеке көзөмөлүндө.

Каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө тийиштүү жардам көрсөтүлөт. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев  Аксы районунун тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.

Ал Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан 6 адам каза болгон үй-бүлөгө 1 миллион сом, ал эми үй-бүлө мүчөсү курман болгон эки үй-бүлөнүн ар бирине 100 миң сомдон берди.

Министрлер Кабинетинин башчысынын Резервдик фондунан 6 адам каза болгон үй-бүлөгө 300 миң сом, үй-бүлө мүчөлөрү курман болгон эки үй-бүлөнүн ар бирине 50 миң сомдон бөлүндү.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Жаңы-Жол айылында дайынсыз жоголгон 5 жашар баланы издөө иштери жүрүп жаткандыгын билдирди.

   

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
+0.50
USD
84.71
+0.01
EUR
100.39
-0.26
KZT
0.20
-0.05
RUB
1.16
+0.12
TJS
7.49
+0.59
TMT
24.22
+0.59
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+26°C Тегеран
+17°C Москва
+17°C Нур-Султан
+18°C Бишкек
+18°C Алматы
+25°C Дүйшөмбү
+26°C Ашхабад
+23°C Ташкент

Соцсети