• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
225 Категория: Общество - Published: 15/07 - 12:34

БИШКЕК, 15-июль. — Eurasia Today. 15-июлдан 19-июлга чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында туруксуз аба-ырайы жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
КР ӨКМ адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине маалымат жеткиргенин билдирди.
Ошондой эле КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.
Анда 15-19-июлда тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда аба ырайы өзгөрүп, нөшөрлөп жаан жаай турганы жана ага байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн экени айтылган.
Экерте кетек, 12-июлда Аксы районунда катуу сел жүрүп 8 адамды агызып кеткен. Сөөгү табылбай жаткан эки жаш баланы издөө иштеринин натыйжасында 14-июль күнү 2018-жылы туулган  Фатима аттуу кыздын жансыз денеси табылган. Ал эми 2016-жылы туулган бала табыла элек. Издөө иштери саат 18:00дө убактылуу токтотулган. Бүгүн, 15-июль күнү издөө иштери улантылат.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
+0.50
USD
84.71
+0.01
EUR
100.39
-0.26
KZT
0.20
-0.05
RUB
1.16
+0.12
TJS
7.49
+0.59
TMT
24.22
+0.59
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+26°C Тегеран
+17°C Москва
+17°C Нур-Султан
+18°C Бишкек
+18°C Алматы
+25°C Дүйшөмбү
+26°C Ашхабад
+23°C Ташкент

Соцсети