201 Категория: Общество - Published: 15/07 - 12:00

БИШКЕК, 15-июль. — Eurasia Today. Нарын облусунун Кытай менен чектешкен Көл-Суу деген жеринде белгисиз бирөөлөр ажаткананы уурдап кетишкен.

Бул тууралуу Илим Карыпбеков Фейсбуктагы баракчасына жазып, ошол уурдалган ажаткананын 2019-жылы курулган жана азыркы жоголгон сүрөтүн жарыялап, мындай комментарийлерди жазган:

 

Ушул үчүн оңолбойбуз. Кеп бийликте эмес, ошондой бийликти тандаган бизде. Биз биринчи айбанбыз, бизден кийин анан бийлик.

*****

Бизде Сергей Глуховеров деген жаш жигит бар. "Travel Experts" деген туристтик компанияны жетектеп, Кыргызстанга туристтерди алып келип иштейт. Андан өткөн мекенди сүйгөн патриот жигитти табуу кыйын. Кыргызстан дегенде өлүп берет.

*****

Эми карагыла ушу сүрөттү. Нарында, Кытай менен чектеш жерде Көл-Суу деген керемет жер бар. Ошол жерге туристтер жер жүзүнөн келип, көрөбүз деп барышат. 2019 жылы ошол жакка бараткан жолдо бир дагы даараткана жок экен деп, ушундай сонун даараткана куруп койсо, 2021 жылы карагыла эмне болгонун (2020 пандемия деп туризм болгон жок). Эмне болмок эле, үйгө керек-жаракка дагы бир кыкең көтөрүп кетти да, тешигиңе чыйкан чыккыр десе.

*****

Эй, көчүгүңө келгир! Нарындыктарды шерменде кылбай, ордуна коюп койчу, кымындай уятың бар болсо. Анан дагы түштүк тараптагы дааратканаларды тартып чыгарсам арданасыңар, бизде деле андан жакшы бар деп. Тоолет кана эшек?

Теги: