• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
715 Категория: Общество - Published: 15/07 - 10:56

БИШКЕК, 15-июль. — Eurasia Today. Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин VII чакырылышынын чечиминин негизинде COVID-19 илдетине каршы эмдөөдөн өтүү жөнүндө фатва чыкты.

Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы маалымдады.
“Өткөн жылы COVID-19 пандемиясы канчалаган адамдардын өмүрүн алып кеткендиги бүткүл дүйнө жүзүнө белгилүү. Тилекке каршы акыркы учурларда ооругандардын саны көбөйүүдө. Ошондуктан, бүгүнкү күндө коронавирус инфекциясына каршы эмдөө алуу маселеси өтө актуалдуу болууда. Саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин пикири боюнча, оорунун жайылуусун токтотуучу жалгыз ыкма - бул адамдарды массалык түрдө эмдөөдөн өткөрүү болуп саналат”, - деп жазылат фатвада.
Ошондой эле, эмдөөнүн пайдасы менен зыяны медицина илимине таандык экени жана мындай учурда  шарияттын өкүмү медициналык жактан чыккан натыйжага карап берилери баса белгиленген. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин эмдөөгө жооптуу болгон органдарынан жана тиешелүү тараптардан текшерүүлөрдөн өтүп, жоопкерчиликтүү, тажрыйбалуу дарыгерлер тарабынан COVID-19га каршы эмдөөнүн зыяны жок деген тастыктоосу болсо, эмдөөгө Исламда каршылык жок экени айтылды.
Ошентип,  Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши COVID-19 илдетинин алдын алуу максатында ыктыярдуу түрдө эмдөө алууга каршы эмес деген фатва чыкты.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны күн сайын өсүүдө. Акыркы апталарда илдеттен күнүгө онго жакын же ондон кем эмес адам көз жумууда.
Өлкөдө коронавируска каршы эмдөө иштерин тездетүү максатындан ооруканалардан тышкары соода борборлорунда, парктарда жана билим берүү мекемелеринин имараттарында эмдөө пункттары ачылды. 18 жаштан жогорку жарандар Кытайдын Sinopharm жана Орусиянын Sputnik-V вакциналарын акысыз ала алышат.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
+0.50
USD
84.71
+0.01
EUR
100.39
-0.26
KZT
0.20
-0.05
RUB
1.16
+0.12
TJS
7.49
+0.59
TMT
24.22
+0.59
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+26°C Тегеран
+14°C Москва
+17°C Нур-Султан
+18°C Бишкек
+18°C Алматы
+25°C Дүйшөмбү
+26°C Ашхабад
+23°C Ташкент

Соцсети