• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
24 Категория: Общество - Published: 15/07 - 10:39

БИШКЕК, 15-июль. — Eurasia Today. Жогорку Кеңештин депутаттаыр COVID-19 боюнча шашылыш долбоорду карашты.

14-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар 2021-жылдын 22-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы 2020-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (COVID-19 боюнча шашылыш долбоор) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Макулдашуу катты жана Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (COVID-19 боюнча шашылыш долбоорду кошумча каржылоо) ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоорун биринчи окуудан карашты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

КР Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри  Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында,  Макулдашуунун алкагында Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы 10 млн АКШ доллары өлчөмүндө  грант жана  10 млн. АКШ доллары өлчөмүндө  кредиттик каражат берет. Мыйзам долбоору  эпидемиологиялык  көзөмөлдү чыңдоого жана    медициналык  жардам көрсөтүү системасын  күчөтүүгө багытталган.

Талкуунун жүрүшүндө  депутат Улан Примов калкка өз учурунда  эмдөө жүргүзүлбөгөндүгү, өлкөдөгү  эпидемиологиялык кырдаал начарлагандыгы үчүн    Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилиги кандай жоопкерчилик тартаарын сурады. Депутат  Калдарбек Баймуратов  министрлер кабинетин  вакцина чыгаруучу заводду  курууну тездетүүгө чакырып, жаңы вирус менен күрөшүү үчүн  өзүбүздүн өндүрүштүк базабызды  түзүүнүн зарылдыгын белгиледи. Депутат Шайлообек Атазов  өлкөгө келген дары –дармектерди жана медициналык буюмдарды, анын ичинде  ПЦР-тесттерди  бөлүштүрүүдө ачыктыкты камсыздоонун  зарылдыгына көңүлдү бурду.

Өз кезегениде  депутат Улугбек Ормонов COVID-19 илдетине кабылгандарды  жетиштүү сандагы койка-орундар менен камсыздоо боюнча маселе койду. Эл өкүлү былтыр  «Ганси» авиабазасында  обсерваторияны жана  реанимациялык блокту  ачууга  көп каражат жумшалгандыгына карабастан,  азыр ал ресурстар колдонулбай жатканына нааразы болду.

 

 

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
+0.50
USD
84.71
+0.01
EUR
100.39
-0.26
KZT
0.20
-0.05
RUB
1.16
+0.12
TJS
7.49
+0.59
TMT
24.22
+0.59
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+32°C Тегеран
+17°C Москва
+17°C Нур-Султан
+18°C Бишкек
+18°C Алматы
+25°C Дүйшөмбү
+26°C Ашхабад
+23°C Ташкент

Соцсети