• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
1032 Категория: Общество - Published: 14/07 - 11:01

БИШКЕК, 14-июль. — Eurasia Today. Москвада массалык мушташ уюштурган чет элдик жарандар соттун чечими менен Орусиядан чыгарыларын  РИА Новости Ички иштер министрлигине шилтеме берүү менен жазды.

“Ошондой эле, бир канча адамга Орусия Федерациясынын аймагына кирүүгө уруксат бербөө  чечими кабыл алынат”, - деп айтылат билдирүүдө.

12-июлдан 13-июлга караган түнү “Кузьминка” метросунун жанында массалык мушташ болуп, ага ар кандай маалыматтар боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн, негизинен Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстандын 200дөн 400гө чейин жараны катышкан. Айрымдары оор жаракат алып, ооруканага жаткырылган.

Полиция бул окуяга тиешеси бар делген 103 адамды кармады. Алардын баары өлкөгө кирүү  эрежелерин бузган, майда бейбаштык кылып, тартип коргоо органдарынын кызматкерлерине  баш ийген эмес деп айыпталууда. Ошондой эле, мыйзамга каршы жыйындар жана митингдер боюнча протокол түзүлөт.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кыргыз-тажик мигранттарынын ортосундагы массалык мушташ  11-июлда Химкидеги окуядан улам келип чыккан. Анда тажик мигранттары эки кыргызстандыкка бычак сайган.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
+0.50
USD
84.71
+0.01
EUR
100.39
-0.26
KZT
0.20
-0.05
RUB
1.16
+0.12
TJS
7.49
+0.59
TMT
24.22
+0.59
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+32°C Тегеран
+17°C Москва
+17°C Нур-Султан
+18°C Бишкек
+18°C Алматы
+25°C Дүйшөмбү
+26°C Ашхабад
+23°C Ташкент

Соцсети