• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
607 Категория: Общество - Published: 14/07 - 08:54

БИШКЕК, 14-июль. — Eurasia Today. “Сапат” билим берүү мекемесинин жетекчиси Орхан Инанды Түркияга кантип жеткирилгенин айтып берди.

Бул тууралуу Түркиянын маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка ылайык, учурда Түркияда Орхан Инанды суракка алынууда. Анын Түркиядагы жактоочусу Халил Ибрагим Йылмаздын айтуусуна караганда, болжол менен үч айга жакын тергөө жүрүп, андан соң беренелер боюнча ага айып тагылат.
Жактоочусу Орхан Инанды аны Бишкектен кыргыз улутундагы үч адам уурдаганын айтып бергенин билдирди.
“Орхан мырза күнөөнү мойнуна алып, тергөө менен кызматташууга барган жок. Бирок Кыргызстандагы ишмердиги тууралуу айтып берди. Ал иши боюнча тергөөнүн суроолоруна ачык жооп берип, мектептерди кантип асканын жана кимдерден акча келгенин айтып берди. “Бул ишти кылганыма эч өкүнбөйм, бүгүн да мүмкүнчүлүк болсо аны менен алектенем, балдарга билим бердим” деп жатат. Айрым маалымат каражаттары ушул нерсени күнөөнү мойнуна алды деп жазып жатышат”, - деди Инандынын жактоочусу.
Орхан Инанды Халил Ибрагим Йылмазга аны Бишкектен кармап, көздөрүн таңышып, андан кийин эртеси күнү эле Түркияга алып келишкенин, көздөрү таңылуу абалда автоунаа менен беш-алты саат жол жүрүп, андан кийин учакка салышканын айткан.
Анын айтымында, Орхан мырза көзү таңылуу болгондуктан аны кайсыл өлкөнүн аймагы аркылуу чыгарышканын, Казакстанданбы, Кыргызстанданбы же Тажикстанданбы, кайсы жактан учакка салышканын билбейт. Бирок унаа менен беш-алты саат жол жүрүп, андан кийин учакка салып, Түркияга алып барышканын айткан.
Эскерте кетсек, Орхан Инанды 31-май кечки саат 21:00дө Бишкекте дайынсыз жоголгон. Аны издөөнү президент Садыр Жапаров күч органдарына тапшырган. Аны издөө ИИМге жүктөлүп, “адам уурдоо” беренеси менен кылмыш иши козголгон эле.
Бир айдан кийин Орхан Инанды Түркияда экени ачыкталып, бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өзү Министрлер кабинетинин жыйынында билдирген.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
+0.50
USD
84.71
+0.01
EUR
100.39
-0.26
KZT
0.20
-0.05
RUB
1.16
+0.12
TJS
7.49
+0.59
TMT
24.22
+0.59
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+26°C Тегеран
+17°C Москва
+17°C Нур-Султан
+18°C Бишкек
+18°C Алматы
+25°C Дүйшөмбү
+26°C Ашхабад
+23°C Ташкент

Соцсети