• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
537 Категория: Общество - Published: 13/07 - 17:02

БИШКЕК, 13-июль. — Eurasia Today. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында аткезчилик жүктөргө бөгөт коюууга өзгөчө көңүл бурулууда.

Бирок ошого карабай, эки өлкөнүн жарандарынын Кыргызстандын аймагына жүктөрдү жана товарларды мыйзамсыз алып кирүү аракеттери токтобой жатат. Бул тууралуу КР УКМК Чек ара кызматынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, контрабандалык жүктөргө бөгөт коюууда чек арачыларга жарандык активистер жана элдик кошуундар жакындан жардам берүүдө.

Мисалы, 13-июлда Баткен облусунун Баткен районунун кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы Ак-Татыр жерлигинде ыктыярдуу элдик кошуундун өкүлдөрү жалпы көлөмү 5 тоннадан ашуун 450 ящик жүзүмдү Кыргызстандын аймагына алып кирүүгө аракет кылган 2 автоунаанын айдоочуларын кармашкан. Жүктөрдүн алдын-ала чыгарылаган суммасы 430 000 сомду түздү.

КР УКМК Чек ара кызматы жалпы жарандарды чек ара тармагына тиешелүү улуттук мыйзамдарды сактоого чакырат жана мамлекеттик чек ара жана анын режимин бузгандарга катуу чара колдонорун эскертет.

Ушул жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча КР УКМК Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери жалпы суммасы 28 млн. сомдук аткезчилик жүк кармашкан.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
+0.50
USD
84.71
+0.01
EUR
100.39
-0.26
KZT
0.20
-0.05
RUB
1.16
+0.12
TJS
7.49
+0.59
TMT
24.22
+0.59
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+26°C Тегеран
+17°C Москва
+17°C Нур-Султан
+18°C Бишкек
+18°C Алматы
+25°C Дүйшөмбү
+26°C Ашхабад
+23°C Ташкент

Соцсети