• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
272 Категория: Общество - Published: 13/07 - 13:32

БИШКЕК, 13-июль. — Eurasia Today. Аксы районунда сел агызып кеткен сегиз кишинин жетөөсү бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү экени аныкталды.

Бул тууралуу Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Төлөгөн Султанмуратов билдирди.
Эскерте кетсек, 12-июль күнү кечке маал Аксы районунун Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Жолборсту айылында жана Жаңы-Жол айыл аймагында сел жүрүп, 8 адамды агызып кеткен. ӨКМ сел сегиз адамды агызып кеткенин жана алырдын ичинен алтоонун сөөгү табылганын, дагы эки жаш баланын сөөгү табылбай жатканын билдирген.
Бүгүн, 13-июлда Жолборсту айылында сел агызган сегиз адамдын ичинен жетөө бир үй-бүлөнүн мүчөсү экени такталды. Алар жаан катуу жаап жаткан учурда тигилген чатырда болушкан.
Ак-Жол айыл өкмөтүнүн маалыматына ылайык, сел агызып кеткендер 63 жаштагы жана 40 жаштагы аялдар, 12, 7, 16, 3 жаштагы балдар болушкан. Мындан сырткары, 5 жаштагы бала жана 3 жаштагы кыз изделүүдө. Алардын бирөө ушул үй-бүлөнүн мүчөсү.
Президенттин маалымат кызматы өлкө башчы Садыр Жапаров Аксыда селден каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, Министрлер Кабинетине жабыр тарткандарга тез арада жардам көрсөтүү тапшырмасын бергенин маалымдады.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
+0.50
USD
84.71
+0.01
EUR
100.39
-0.26
KZT
0.20
-0.05
RUB
1.16
+0.12
TJS
7.49
+0.59
TMT
24.22
+0.59
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+26°C Тегеран
+17°C Москва
+17°C Нур-Султан
+18°C Бишкек
+18°C Алматы
+25°C Дүйшөмбү
+26°C Ашхабад
+23°C Ташкент

Соцсети