• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
264 Категория: Общество - Published: 02/07 - 11:02

БИШКЕК, 2-июль. — Eurasia Today. Кыргызстанда 2-июлга карата дагы 1485 адамдан коронавирус табылды.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымдады.
Жаңы катталган 1485 учурдун 923ү Бишкек шаарында, Ош шаарында – 33, Чүй облусунда – 165, Ош облусунда – 109, Талас облусуннда – 22, Нарын облусунда – 24, Ысык-Көл облусунда – 38, Жалал-Абад облусунда – 91, Баткен облусунда – 80 учур катталды. Жалпы жуктуруулардын учуру 127 880ге жетти.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен 10 адам көз жумду. Алардын ичинен Бишкекте - 6, Жалал-Абад облусунда - 1, Талас облусунда - 1, Баткен облусунда-  2 бейтап каза болду.
Учурда стационарда 3 691 бейтап, амбулатордук түрдө 9 815 адам дарыланууда. Коронаирус менен ооругандардын саны өсүп жаткандыктан, кечээ, бейшемби күнү Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги COVID-19 боюнча онлайн-кеңеш бере турган пульмонолог дарыгерлердин тобун түздү.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.95
+0.00
EUR
89.72
+0.32
KZT
0.18
0.00
RUB
1.35
+0.12
TJS
8.27
0.00
TMT
24.13
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+4°C Тегеран
-7°C Москва
-20°C Астана
-15°C Бишкек
-14°C Алматы
+2°C Дүйшөмбү
+1°C Ашхабад
-8°C Ташкент

Соцсети