• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
105 Категория: Общество - Published: 12/05 - 15:20

БИШКЕК, 12-май. — Eurasia Today. Ош облусунун мусулмандары Тажикстандын кол салуусунан жабыркаган баткендиктерге материалдык жана акчалай жардам берди.

Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин ажы Атабаев баш болгон казыят кызматкерлери чек-ара чырында жабыр тарткан Баткен элине азык-түлүк, кийим-кече, идиш аяк жана көрпө-төшөк, ошондой эле акчалай жардам көрсөтүү максатында Баткен облусуна иш сапары менен келди. Бул тууралуу Муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Иш сапардын алкагында Самидин ажы Атабаев Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов менен жолугушуп, аймактагы абал тууралуу маалымат алды.

Андан ары жардамды өз ээлерине жеткирүү максатында Баткен казыятынын кызматкерлеринин коштоосунда чек-ара аймактагы жашоочуларга барып, аларга маролдык колдоо көрсөтүү менен материалдык жардамды тапшырды.

«Элибизден айланса болот. Казыяттын демилгесин колдоого алып, колдорунан келишинче жардамдарын беришти. Жардам берүүнү дагы улантабыз»,-деди облус казысы Самидин ажы Атабаев.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
-1.52
USD
80.98
-0.28
EUR
82.36
+0.02
KZT
0.17
-0.18
RUB
1.33
+0.47
TJS
7.99
-1.18
TMT
23.43
-1.19
UZS
0.01
-1.32

Аба ырайы

 

+34°C Тегеран
+20°C Москва
+15°C Нур-Султан
+30°C Бишкек
+27°C Алматы
+36°C Дүйшөмбү
+36°C Ашхабад
+34°C Ташкент

Соцсети