• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
15 Категория: Общество - Published: 04/05 - 17:10

БИШКЕК, 4-май. — Eurasia Today. Тажикстандын куралдуу кол салуусунан жабыркаган Баткен облусунун элине жардам берүү уланууда.

КР Өкмөтүнүн аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, 4-майга карата Баткенге 573  тоннага жакын гуманитардык жардам барды. Анын 515  тоннадан ашыгы жабыркаган үй-бүлөлөргө жеткирилди. Дагы 58  тоннадайы кампада сакталууда.

Алар негизинен азык-түлүк, кийим кече, турмуш тиричиликке керектелүүчү буюмдар, гигиеналык каражаттар.

Гуманитардык жардам көрсөткөндөрдүн катарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, КР Жогорку Кеңеши, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Араб эмираттары, “Кызыл Ай” коому, ошондой эле өлкөнүн бардык облустары, район-шаарлары, айыл аймактар жана жеке ишкерлер, коомдук уюмдар, кайдыгер карабаган катардагы жарандар түзүүдө.

Ошондой эле облустук өкүлчүлүктүн атайын эсебине 11684805,92 сом каражат которулган.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.66
0.00
EUR
102.73
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
7.49
-0.03
TMT
24.22
-0.03
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+18°C Тегеран
+13°C Москва
+12°C Нур-Султан
+6°C Бишкек
+5°C Алматы
+16°C Дүйшөмбү
+19°C Ашхабад
+14°C Ташкент

Соцсети