• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
250 Категория: Общество - Published: 30/04 - 08:43

БИШКЕК, 30-апрель. — Eurasia Today. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы социалдык тармактарда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болуп өткөн акыркы окуяларда «Баткен облусунун аймагында айрым айылдарды басып алышты» деп тараган маалыматтарды төгүндөдү.

 «Бул маалымат жалган жана ачык чагымчылдыкты козутууда. Учурда эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин деңгээлинде саат 20: 00дөн тартып ок атышууну толугу менен токтотуу жана аскер күчтөрүн өз ордуларына чыгарып кетүү боюнча макулдашууга жетишилди. Буга байланыштуу биз жарандарды текшерилбеген маалыматтарга ишенбөөгө жана жалган маалыматтарды таратпоого дагы бир жолу чакырабыз», — деп белгиледи Коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басары Замирбек Надырбеков. Бул тууралуу КРнын Президентинин Аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Ошону менен бирге, Душанбе шаарында (Тажикстан Республикасы) өтүп жаткан ЖККУга мүчө-мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын комитетинин жыйынына катышуунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаев жана Тажикстан Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Насрулло Махмутзода жолугушуп,  анда чек ара маселелерин жөнгө салуу чаралары талкууланганын маалымдайбыз.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.66
0.00
EUR
102.73
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
7.49
-0.03
TMT
24.22
-0.03
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+18°C Тегеран
+13°C Москва
+12°C Нур-Султан
+6°C Бишкек
+5°C Алматы
+16°C Дүйшөмбү
+19°C Ашхабад
+14°C Ташкент

Соцсети