• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
300 Категория: Общество - Published: 27/04 - 14:34

БИШКЕК, 27-апрель. — Eurasia Today. Бишкек шаарында биринчи жолу электромобилдердин жана экобайктардын жүрүшү болот.

Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдайт.

Маалыматка караганда, иш-чара эртен, 28-апрелде өтөт.

Жүрүш  эртең мененки саат 10:00дө “Ден-соолук” сейил багынын түндүк тарабынан -  М.Гшлессера көчөсүнөн башталат. Колонна Ч.Айтматов проспектиси менен А.Масалиев көчөсүнө көтөрүлүп, ал жерден чыгышка карай Токомбаев жана Нуркамал Жетикашаева көчөлөрүнүн кесилишине чейин барып, “Ден-соолук” сейил багына Токтоналиев көчөсү менен кайтат.

Шаардыктардын коопсуздугу үчүн айдоочуларды МАИнин 5 унаасы жана эки тез жардам унаасы коштоп жүрөт.

Жүрүштүн маршруту боюнча жолдун унаа жүрүү бөлүгү жарым-жартылай чектелет, колонна өткөндөн кийин жол дароо ачылат.

Жүрүш Ecobike компаниясынын колдоосу менен өткөрүлөт.

“Бишкек шаарынын мэриясы айлана-чөйрөнү коргоп, түтүнгө каршы күрөшүү боюнча ар тараптуу иштерин улантууда. Жүргүзүлгөн изилдөөлөргө ылайык, абанын булганышынын негизги себептеринин бири бул автоунаа транспортунан чыккан зыяндуу заттар, буга байланыштуу шаардык муниципалитет коомдук транспорттун экологиялык таза түрлөрүнө көңүл бурууда”, - деп айталыт билдирүүдө.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.66
0.00
EUR
102.73
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
7.49
-0.03
TMT
24.22
-0.03
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+18°C Тегеран
+13°C Москва
+12°C Нур-Султан
+6°C Бишкек
+5°C Алматы
+16°C Дүйшөмбү
+19°C Ашхабад
+14°C Ташкент

Соцсети