• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
44 Категория: Общество - Published: 19/04 - 10:32

Жыл сайын апрелдин аягы, майдын башында гүл ачкан Айгүл гүлүн көргөнү барган адамдар тебелеп кетишүүдө.

Бишкек,19-апрель,2021-жыл./"Евразия тудей"/. Дүйнөдө сейрек кездешүүчү жана аз гана убакыт гүлүн ачкан Айгүл гүлү Кыргызстандын Баткен облусунун Кара-Булак айылынын тоо тарабында быйыл да өз мезгилинде ачылды. Бирок жергиликтүү жашоочулардын айтуусунда, мамлекет же жергиликтүү бийликтин көзөмөлү болбогондуктан улам, бул легендарлуу гүлүбүздү күн сайын ал жакка чыккан бир миңге жакын адамдар тебелеп жатышат. Мындан тышкары Айгүл гүлүнө зыянкеч курттар да жабышып, жеп жатат. Бул тууралуу баткендик жеке ишкер, активист Турсунали Төлөмүшөв Фейсбуктагы баракчасына мындай деп жазып, далилдүү сүрөттөрдү да жүктөгөн:

 

"Айгүл гүлү-Айгүл тоо мамлекеттик корукка алууга жана элдин барышына мараторий киргизүүгө муктаж. Бүгүн, 2021-жылдын 17-апрелинде эл катары эс алууга Айгүл тоого барып келдик. Тоого бир чыкканда 1000ден көп адам чыгып жатат, гүлдү баспагыла, этият кылгыла деп көп адамга жеткирүү кыйын иш. Тепселип жаткан жүздөгөн гүлдөрдү көрүп жүрөгүң кейийт. Тоо башында атайын жол жок болгондуктан элдер туш келген жерди тепсеп, жаңы чыгып жаткан Айгүл гүлдөрүн тепсеп эле жок кылышууда, өтө өкүнүчтүү. Элдин чыгышына мараторий киргизүү менен, жерди баспай асмандан көрүү шартын мамлекет тарабынан түзүү зарыл. Антпесек алыска атагы чыккан Айгүл гүлүбүздөн айрылып калчуудайбыз. Анысы аз келгенсип табигаттагы зыянкечтер да Айгүл гүлүн жок кыла баштаптыр. ОЙЛОНООР ИШ БОЛУПТУР ЭЛИМ!!!"

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.77
0.00
EUR
102.46
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
7.49
+0.01
TMT
24.23
+0.01
UZS
0.01
+1.25

Аба ырайы

 

+28°C Тегеран
+19°C Москва
+14°C Нур-Султан
+17°C Бишкек
+18°C Алматы
+23°C Дүйшөмбү
+30°C Ашхабад
+27°C Ташкент

Соцсети